KELECHEK

Ноокенде мал уурулук менен алектенген топ кармалды

Ноокенде мал уурулук менен алектенген топ кармалды

Ноокен районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн топ мүчөлөрү кармалып, учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда. 

2019-жылдын июль айында Ноокен РИИБге район аймагынын 4 жараны малы жоголгондугун айтып арызданышкан. Алардын бири О.Ж. 10-июлдан 11-июлга караган түнү базар баасы 12 000 сомдук бир баш ак сары түстөгү  торпогу, А.Н. аттуу жаран 19-июлда түш чендерде базар баасы 15 000 сомдук бир баш кызыл-күрөң түстөгү торпогу, М.Х. 20-июль күнү күндүзү базар баасы 16 000 сомдук бир баш ак сары түстөгү торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү  сураган. Бул арыздардын бардыгы Ноокен РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин  200-беренеси “Уурдоо” менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

 Дагы бир Ноокен районунун тургуну А.А. милицияга кайрылып, 19-июль күнү саат 10:00 чамасында аркандап койгон базар баасы 8000 сом болгон торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген. Бул факты боюнча КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, тергөө амалдарынын натыйжасында аталган кылмыштарды жана жосунду жасаганга шектелип Ноокен районунун тургундары 1992-ж.т. П.Ш., 1995-ж.т. Т.И., 1998-ж.т. А.С. жана Базар-Коргон районунун 2001-ж.т. тургуну С.С. экендиктери такталып, изин жашырып жүрүшкөн жеринен ноябрь айынын башында кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөөдө шектүүлөр уурдалган малдарды жакынкы райондордогу мал базарларларга алып барып сатып жиберишкендиги белгилүү болгон.

Учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда.  

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы.    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ташкентте дизайнер жана хореограф Нариман Григорянды өлтүрүп кетишти

Ташкентте дизайнер жана хореограф Нариман Григорянды өлтүрүп кетишти

Ташкентте белгилүү дизайнер жана модельер Нариман Григорянды өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы...

Өзбекстанда дагы бир иш менен камсыздоо агенттиги жарандарды алдап...

Өзбекстанда дагы бир иш менен камсыздоо агенттиги жарандарды алдап...

Өзбекстанда Rekrut Consulting work иш менен камсыздоо агенттиги 24 кишини жалпысынан 51 миң долларга алдап...

Каракол: 33 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрт койду

Каракол: 33 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрт койду

Жабыркаган келиндин колдору.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 33 жаштагы аялга күйөөсү бензин чачып...

Каракалпакстанда муунтуп өлтүрүлгөн эне-баланын сөөгү табылды

Каракалпакстанда муунтуп өлтүрүлгөн эне-баланын сөөгү табылды

Каракалпакстандын Амударыя районунда 8-январь күнү 25 жаштагы аял жана анын эки жаштагы кызынын...

Иран: Кулаган учактагы 167 кишинин баары мерт болду

Иран: Кулаган учактагы 167 кишинин баары мерт болду

8-январь күнү эртең менен кеминде 167 жүргүнчүсү жана тогуз экипаж мүчөсү бар украиналык коммерциялык...

Өзбекстанда үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет кылган аял...

Өзбекстанда үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет кылган аял...

Ташкент облусунун Ахангаран шаарында үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет жасаган аял...

Кочкордо 37 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду

Кочкордо 37 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду

Мындай факт 1-январда Кочкор районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Нарын облустук милициянын...