KELECHEK

Тажикстанда оппозициялык сайттар менен баракчалар бөгөттөлдү

Тажикстанда оппозициялык сайттар менен баракчалар бөгөттөлдү

Тажикстан Жогорку соту чет өлкөдөгү оппозициялык топторду бириктирген «Тажикстан Улуттук альянсына» тиешеси бар 30дай веб-сайт менен баракчаларды бөгөттөдү.

12-ноябрда жарык көргөн соттун чечимине ылайык, бирикменин расмий сайты жабылды жана аларга тиешелүү маалыматтарды жана башка материалдарды өлкөгө алып келүүгө тыюу салынды.

Тажикстан Жогорку соту 14-октябрда Улуттук альянсты экстремисттик жана террордук уюм катары тааныган. Бир жыл мурун түзүлгөн бул бирикмеге төрт оппозициячыл топ – Ислам кайра жаралуу партиясы, «Эркин ой жүгүрткөндөрдүн конгресси», «Тажикстандагы реформа жана өнүгүү» жана «Борбор Азия мигранттарынын конгресси» кирет.

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясы 2015-жылы «экстремисттик» деп табылган жана анын ишмердигине тыюу салынган. Партиянын бир катар мүчөлөрү камакка алынган, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоочулар бул партияга жасалган кысымга байланыштуу бийликти айыптап жүрүшөт.

«Тажикстан улуттук альянсынын» өкүлөрү сотун чечимин Конституцияга туура келбейт деп атады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эмомали Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч...

Эмомали Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч...

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынында тажик-өзбек чек арасындагы...

Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес

Боливиянын 10-ноябрда кызматтан кеткен...

Грозныйдын мурдагы мэри адамдарды электрошокер менен кыйнагандыгы...

Грозныйдын мурдагы мэри адамдарды электрошокер менен кыйнагандыгы...

Ислам Кадыров аялды коркутуп жатат. «Грозный» телеканалы көрсөткөн сюжеттеги...

Өзбекстан аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү...

Өзбекстан аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү...

Өзбекстан аэропортторунда хиджаб кийген...

Түркмөнстанда мамкызматкерлер пахта терүүнү улантууда

Түркмөнстанда мамкызматкерлер пахта терүүнү улантууда

Түркмөнстандын түндүгүндө пахта теримге деңиз портунун кызматкерлери тартылды. Бул тууралуу Turkmen.news...