KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков балет бийчилери Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков балет бийчилери Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков балеттин артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, бейформал маанайда баарлашты, алардын профессионалдык ишмердигине кызыкты.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Президент Сооронбай Жээнбеков бул алардын көп жылдык талыкпас эмгектеринин натыйжасы экендигин өзгөчө белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын балет артисти Надырбек уулу Канатка ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы Сапожникова Ирина Константиновна сыйланды.

Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды.

Буга чейин Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова өлкөдө жок болгондуктан, маданият ишмерлерине сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасына катыша албай калышкан.

Бул жолу алар СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган «Балет, балет…» аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

Президент артисттерди үйлөнүшү менен куттуктап, аларга узун жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалады. Кыргызстанга көбүрөөк келип, жайкы эс алууну Ысык-Көлдө өткөрүүгө чакырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29