KELECHEK
rek

Орусия сирия-түрк чек арасына аскердик техникаларын жайгаштырды

Орусия сирия-түрк чек арасына аскердик техникаларын жайгаштырды

Орусия Коргоо министрлиги Сириянын Эль-Камышлы шаарындагы аэропортко аскердик Ми-35М жана транспорттук Ми-8 тик учактарын жөнөттү.

Мындан тышкары ал жерге зениттик ракета-аткылоочу "Панцирь-С1" комплексинин бир нече машинасы жайгаштырылды. Бул тууралуу "Ведомости" баслмасы Эль-Камышлыдагы авиациялык комендатуранын башчысы Тимур Ходжаевге таянуу менен билдирди.

Топтун максаты – учууларды үзгүлтүксүз камсыздоо, тик учактарды жана аталган аймакты кайтаруу. Комендатуранын көзөмөлүнө абадан коргонуу системасы, диспетчердик пункт, медициналык көзөмөл жана учууга чейинки даярдык жайлары кирет. Мындан тышкары ал жерде ондогон зооттолгон текхникалар, бир нече бөлүктөн турган аскердик полиция да бар.

Орусия буга чейин Түркия менен Сириянын чек ара тилкесин кайтарып жаткан аскердик полицияны коргоп, колдош үчүн абадан көзөмөл жүргүзө баштаган.

Түркия менен Орусиянын аскерлери Сириянын түндүк-чыгышындагы чек ара аймагын 1-ноябрдан бери биргелешип кайтарып жатышат.

22-октябрда Сочиде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин жолугуп, Сириядагы жортуулга байланыштуу меморандумга кол койгон. Анда күрд күчтөрү аймактан чыгып кеткен соң эки тарап жалпы күзөт жүргүзүү тууралуу макулдашкан болчу.

Тараптар 110 чакырымдан ашуун аймакка чогуу көз салышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52