KELECHEK
rek

“Ас-Салам” кайрымдуулук фонду Ноокен районунда 80 үй-бүлөгө акысыз үйлөрдү куруу ишин баштады (ФОТО)

“Ас-Салам” кайрымдуулук фонду Ноокен районунда 80 үй-бүлөгө акысыз үйлөрдү куруу ишин баштады (ФОТО)

Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылына «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду 80 үйдү бардык шарты менен куруу ишин баштады. Жалпы курулушка 10 млн. доллар сарпталат.

Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында башталган ири курулуш үчүн жергиликтүү бийлик 8,5 гектар кайракы жер аянтын бөлүп беришкен. Бөлүнгөн жерге 80 турак жай, аларга жанаша мектеп, бала бакча, тигүү цехи, устакана, мечит, хужурасы менен кошо курулат. Бул аймакта буга чейин мектеп, бала бакча да болгон эмес.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, райондун акими Эркин Маматаев жана “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун түштүк региону боюнча координатору Эмилбек Исаковдун, жергиликтүү тургундардын катышуусунда курулуштун пайдубалына капсула салынды.

Аталган фонддун өкүлү Эмилбек Исаковдун берген маалыматына караганда, бир нече жылдардан бери жакырларга жана жетим-жесирлерге акысыз турак-үй куруп берүү менен бирге кайрымдуулук иштерин да жасап келе жатышат. Быйылкы жылы “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду тарабынан Масы айыл өкмөтүнө бир мектеп, бир бала бакча жана күйөөсү жок, жалгыз бой 10 аялга үй салып беришкен.

“Үйлөрдү бир жылда куруп бүтүрүүнү ниет кылып жатабыз. Жергиликтүү бийлик жердин документ иштерин тезирээк бүткөрүп беришсе, биздин ишибиз мыйзамдуу болуп, шыр кетет. Сиздерден эч нерсе кетпейт, эмеректерин, кызыл китебинен бери даяр кылып, колуңарга ачкычын тапшырабыз. Даяр жаңы салынган үйлөргө кирип эле жашай бересиңер. Бизде болгону бир эле шартыбыз бар — бул үйлөргө жакыр, жетим-жесирлер жашасын”,  -деди Э. Исаков.

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатылбалдиев курулуш иштерине жакындан жардам көргөзүлөрүн өз сөзүндө баса белгилеп кетти.

- Өзүңүздөр билесиздер, сугат жерлерге мораторий киргизилгендиктен,  мыйзам чегинде кайракы жер тандап бердик. Биз тараптан электр энергиясы, суу жеткирүү жана документ иштери бүткөрүлөт. Аталган маселелер дээрлик чечилген. Бир жылда куруп бүткөрөбүз деп жатышат. Биз эмне жардам керек болсо өз учурунда көрсөтүп колдоп турабыз, - деди өкүл.

Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Эшенкуловдцн берген маалыматына караганда, айыл аймагында 26 миң калк жашаса, алардын 20 пайызы жакырлар болуп эсептелет. Райондун борборунда жайгашкан айыл аймагында 5 айыл, 4 миң кожолук, 8 мектеп, 8 бала бакча бар.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41