KELECHEK

Трамп Зеленский менен телефондук сүйлөшүүсүн ачыкка чыгарган адамдын аты-жөнүн жарыялоого чакырды

Трамп Зеленский менен телефондук сүйлөшүүсүн ачыкка чыгарган адамдын аты-жөнүн жарыялоого чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп украин лидери Владимир Зеленский менен телефондук сүйлөшүүсүн ачыкка чыгарган атайын кызмат өкүлүнүн аты-жөнүн жарыялоого чакырды. Бул сүйлөшүүнүн мазмуну Конгрессте президентке импичмент жарыялоо ыктымалдыгы боюнча тергөөнүн башталышына негиз болгон.

Жекшемби күнү журналисттер менен сүйлөшкөн Трамп анонимдүү информатор мурдагы президент Барак Обаманын кадры, Борбордук чалгын кызматынын экс-башчысы Жон Бреннандын «кишиси» экенин жана ал берген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

https://pbs.twimg.com/profile_images/874276197357596672/kUuht00m_normal.jpg

Donald J. Trump

✔@realDonaldTrump

The Whistleblower got it sooo wrong that HE must come forward. The Fake News Media knows who he is but, being an arm of the Democrat Party, don’t want to reveal him because there would be hell to pay.
Reveal the Whistleblower and end the Impeachment Hoax!

96,4 тыс.

20:33 - 3 нояб. 2019 г.

Информация о рекламе в Твиттере и конфиденциальность

48,6 тыс. человек(а) говорят об этом

Трамп буга чейин информатор менен Өкүлдөр палатасындагы демократтар Зеленский экөөнүн ортосундагы телефон сүйлөшүүсүнүн мазмунун бурмалашканын билдирген. Президент сүйлөшүү маалында демократтар айтып жаткандай «кийинки жылкы шайлоодогу ыктымал атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байдендин Украинадагы ишмердиги иликтенбесе, Киевге аскердик жардам токтотулат» деп айтпаганын белгилөөдө. Бирок Өкүлдөр палатасындагы жабык угуулар маалында айрым аткаминерлер аскердик жардам Украинаны Трамптын шарттарын аткартуу үчүн токтотулган болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

Жекшемби күнү информатордун адвокаты ал Конгресстеги республикачылардын суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Ошол эле маалда ал коопсуздук максатында маалымат берген адамдын аты-жөнү ачык айтылбашы керектигин белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенатка...

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенатка...

Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси

Шаршемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында...

ДҮЙНӨ 2020-01-16  00:15

Орусия өкмөтү отставкага кетти

Орусия өкмөтү отставкага кетти

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев президент Владимир Путин менен жолугушуу учурунда орус...

ДҮЙНӨ 2020-01-16  20:20

Путин премьер-министрликке Салык кызматынын башчысын көрсөттү

Путин премьер-министрликке Салык кызматынын башчысын көрсөттү

Михаил Мишустин

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт башчылыгына Федералдык салык...

ДҮЙНӨ 2020-01-16  20:28

Казакстан Беларуска мунай жеткирүү маселесин карайт

Казакстан Беларуска мунай жеткирүү маселесин карайт

Казакстан Беларуска мунай экспорттоо маселесин 20-январга чейин карайт. Бул тууралуу Казакстан...

ДҮЙНӨ 2020-01-16  21:25

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенатка...

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенатка...

Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси (ортодо)

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент...

ДҮЙНӨ 2020-01-16  23:32

Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда

Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда

Студенттердин Тегерандагы акциясы. 11-январь 2020-жыл

Жекшемби күнү Ирандын баш калаасы Тегеран...

ДҮЙНӨ 2020-01-13  13:46

Мальтанын премьер-министри журналисттин өлүмүнө байланыштуу...

Мальтанын премьер-министри журналисттин өлүмүнө байланыштуу...

Мальтанын премьер-министри Жозеф Мускат кызматтан кетти. Анын отставкасы жергиликтүү журналист Дафни...

ДҮЙНӨ 2020-01-13  18:41