KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ММК жетекчилери менен жолугушту (ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ММК жетекчилери менен жолугушту (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда, Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК кабарчылары менен жолугушту.

Учурдагы коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы 2018-жылдын март айында мындай форматтагы алгачкы жолугушууда жемиштүү, ачык баарлашуу болуп, ар түрдүү маселелер боюнча жакшы сунуштар айтылганын канааттануу менен белгиледи.

ММКлар өлкөнү өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкаруу системасынын ачыктыгы жана натыйжалуулугуна өз салымын кошуп жатканын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өз президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктар жөнүндө айтып берди. Аймактык өнүгүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, өлкөнү санариптештирүү, сот-укуктук реформа, коррупцияга каршы күрөш, инвестициялык климатты жакшыртуу чаралары, социалдык тармакты жана айыл чарбасын колдоо багыттарына кенен токтолду.

«Суроо-жооп» форматындагы жолугушууда катышуучулар сот-укуктук реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик карызды башкаруу, реформаларды ишке ашырууда жарандык коомдун орду, келерки парламенттик шайлоодогу босого чек, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча суроолорду беришти.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелери, өлкөнүн тышкы саясаты, борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар жөнүндө суроолорго жооп берип, жакынкы келечек пландары тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга төмөнкү ММК — телеканалдардын жетекчилери катышты: КТРК, ЭлТР, ТРК Мир, New TV, НТС, Бешинчи канал, 7-канал, Next TV, Прайм ТВ;

Маалымат агенттиктери: Кабар, АКИпресс, 24.kg, Sputnik Кыргызстан, Kaktus.media, Kloop, Elgezit, Govori.TV;

Гезиттер: «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек», «Супер Инфо», «Новые лица», «Де Факто», «Факты», «Дело №», «Жаңы Ордо», «Общественный рейтинг», «Майдан», «Фабула пресс», «Кутбилим», «Ачык сөз»;

Радио: BBC, Азаттык.

Өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК корреспонденттери: Reuters, Франс-пресс, ИТАР-ТАСС, РИА «Новости», Российская газета, Комсомольская правда, ВГТРК «Россия».

Мындан тышкары, чакырылып, бирок ар кандай себептер менен катыша албай калган ММК жетекчилери төмөнкүлөр:  «Пирамида» телеканалы, Knews, Интерфакс, Eldik.media жана Tuz.kg маалымат агенттиктери, Марал радиосу, «Республика», «Азия ньюс», «Московский комсомолец» гезиттери.

Жолугушуу эки сааттан ашык убакытка созулуп, Мамлекет башчысы 26 катышуучунун суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. Андан соң баарлашуу бейформал маанайда улантылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду

Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду

Чаткал районун 2013-жылдан тарта жетектеп келе жаткан аким Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду. Бул...

КООМ 2020-05-26  17:18

Москвадан Бишкекке дагы 372 кыргызстандык учуп келет

Москвадан Бишкекке дагы 372 кыргызстандык учуп келет

Бүгүн, 26-майда Москвадан Бишкекке чартердик каттам менен дагы 372 кыргызстандык жаран учуп келет. Бул...

КООМ 2020-05-26  17:53

Кыргызстандык 50 келинди Өзбекстан кабыл алды

Кыргызстандык 50 келинди Өзбекстан кабыл алды

Ошто «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтө албай жаткан, Өзбекстанга турмушка чыккан 50...

КООМ 2020-05-26  17:57

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбагандар айыпка жыгылды...

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбагандар айыпка жыгылды...

Бүгүн Жалал-Абад шаарында 25-майдан тарта уруксат берилген коомдук транспортторго, кийим-кече сатуучу...

КООМ 2020-05-26  19:48

Штаб: Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

Штаб: Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соодо борборлорунда жана коомдук транспортто беткап...

КООМ 2020-05-26  18:06

Оренбург облусунан 413 кыргызстандык Бишкекке жеткирилди

Оренбург облусунан 413 кыргызстандык Бишкекке жеткирилди

Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча келген чартердик рейс. 22-май, 2020-жыл.

Орусиянын Оренбург...

КООМ 2020-05-24  22:27

Жалал-Абад: Кеңеш айылында айт күнү үй кыдырбоого чакырган чечим кабыл...

Жалал-Абад: Кеңеш айылында айт күнү үй кыдырбоого чакырган чечим кабыл...

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусуна караштуу айылдардын биринде айт күнү маркумдарга куран...

КООМ 2020-05-21  11:10