KELECHEK

Улуттук “нарктуу” баалуу кийимдердин автору Шарапова Наркан эжеке(ФОТО)

Улуттук “нарктуу” баалуу кийимдердин автору Шарапова Наркан эжеке(ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы дизайн-этнографиялык окуу борборунун директору Шарапова Наркан Абдирасулованын колунан жаралган кыргыз улуттук “нарктуу” бренди менен тигилген желек, белдемчи кийимдери көпчүлүктүн купулуна толуп, бир нече жылдан бери шаардыктардын модасына айланганы эч кимге деле жашыруун эмес.

Мындан 10 жыл мурун көпчүлүк айымдар Наркан эжекенин кооз мончоктор менен шөкөттөлүп тигилген баркут желектерин кийүүнү модага айлантышып, көчөдө көйкөлүп жүрүүнү самашчу. Мен да ошол айымдардын катарында өзүмө бир улуттук кийимди тиктирип кийгемин. Ал улуттук кийимди кийгенде өзүңчө жан дүйнөңдө майрам пайда болуп, бир топ жашка өзүңдү жаш сезип каласын. Ал эми жаз, күз келгенде Жалал-Абад шаарында өзүнчө эле кооздук пайда болуп, эженин “нарктуу” бренди менен тигилген жеңил желектердин агымы каптап, айланага кооздук берип турчу. Акыркы кездерде бул кийимдерди бир гана шаардыктар кийбестен, коңшу райондордун жана Ош, Бишкек шаарларынын айымдары да буйрутма берип, тиктирип кийе башташканын баамдай баштадым.

Мына ушундай “нарктуу” брендин жаратып, бир гана Кыргызстанга эмес, Казакстан жана башка чет мамлекеттерден кардарларын көбөйтүп, аты алыска угула баштаган Наркан Абдирасуловнаны кепке тартып, анын кыскача өмүр жолу менен окурмандарды тааныштырып кетүүнү туура көрдүк.

- Наркан Абдирасуловна, кыскача эмгек жолуңуз боюнча тааныштырып кетсеңиз?

- Мен алгачкы эмгек жолумду Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын эмгек жана чийүү бөлүмүндө мугалим болуп иштөөдөн баштагам. Ал жерде моделирование-конструктирование, технология деген сабактардан студенттерге сабак бергемин. Андан кийин секциянын башчысы болдум. Ошол мезгилде окуу жай университет болуп кайра түзүлгөндүктөн, биздин бөлүм 1996-жылы жоюлуп кеткен. Биз болсо кыскартууга туш болдук. Жогорку билимдүүлөрдү бала бакчаларга башчы болосуңар деп биздин ар бирибизди бөлө баштады. Анан мен ойлондум, мурда эле менин талантым бар эле, өзүм конструктор-модельер, педагог болсом, кичинекей бир ишкана ачайын деп. Чочубай эле Жалал-Абад шаарында супер ателье ачкамын. Ошентип, заматта эле супьер ательем менен шаарга таанылып кеттим. Ал мезгилде улуттук кийим деген жок. Мурдагы коммерциялык институттун бир имаратын ижарага алып иштетүү үчүн ошол жерге бардым.

Анда Кантөрө  Шарипович окуу жайдын ректору болчу. Бир күнү агай кирип, мага кокустан эле буйрутма берип калды. Ал кишинин алп экенин билесиңер, анын шымын эки саатта эле тигип койдум. Кийин ал киши менин ким экенимди, кандайча бул жерге келип калганымды сураштырыптыр. Бирөө айтыптыр, жогорку билимдүү, паланчынын аялы деп. Мен жөнүндө маалымат беришиптир. Анан агай келип өзү сурады, мен жогорку билимдүү экенимди, кыскартууга туш келип калганымды айтып бердим. Жалал-Абадда менин кесибим боюнча окуу жай жок экендигин, институтта бир бөлүм ачсак жакшы боло тургандыгымды айттым. Кийин агай ойлонуп көрүп мени чакыртты. “Мен сага бөлүм ачып берейин”,-  деп мени  окуу жайдын корпусуна чакырды.

Кичине акча таап көнүп калгандыктан, көпкө чейин барбай жүрдүм. “Келбесе, корпустан чыгып кетсин!”, - дегендиктен, айласыздан анан бардым. Бизди бөлгөн корпусу Лениндин, Маркс, Энгельстин китептери турган китепкана экен. Агайга бир чапан тигип бердим. Мени агай улуттук кийимдер менен иштебейсинби?- деп  сунуш кылды. Иштейм, деп агайга улам-улам улуттук кийимдерди тигип көрсөтө баштадым. Агай тигилген кийимдерге бир сүйүнөт! Көрсө, агай өзү патриот адам экен. 1996-жылдан 1999-жылга чейин коммерциялык институттун алдындагы окуу борбору болуп иштеп турдук. Кийин биздин баарыбызды аспирантурага окууга тапшыртып, 4 жыл окушкандан кийин баарысы кандидаттыкты коргой башташты. Мен коргой албай калдым. Себеби, мен улуттук кийимдерди тигүүнүн окуу программасын Билим берүү министрилигине сунуштап, аны бекиттиргемин. Ошентип, мен аспирантураны бүтүрдүм, бирок аны жактай албай калдым. Кийин, Бишкектеги КТУдан жактадым.

Бир кемпирдин үйүн сатып алып, технологиялык-дизайнерлик колледжин ачтым. Ал эми 2005-жылы АКШ элчилигине "Прикладдык искусствону кантип өнүктүрүш керек?" - деп долбоор жазып, менин долбоорум өтүп, АКШга окууга катышып келдим. Ал жакта гран-прилерди утуп келдим.  Ошондон баштап мен өзгөрө баштадым. Практика болмоюнча, окуу жайды ачуу мүмкүн эмес экен. 2000-2010-жылга чейин колледж болуп турду, анан менин колледжим кимдир бирөөлөргө керек болду окшойт, урушпай-талашпай тапшырып койдум. Ушул убакытка чейин күнү-түнү эс албай иштедим. “Илим – кудукту ийне менен казгандай” – деп Ленин баса белгилеп айткандай, менин күндө изденип аракеттенүүм, чет жактарга чыгууга, тажрыйба топтогонго, көргөзмөлөргө катышуума чоң жардам берди.

Ошентип, Наркан айым алгач ишин баштаганда 50 миң сомдук кредит алат. Аны үнөмдүү пайдалануу менен ишин андан ары өркүндөтүүгө жетишет. Америкадан билимин өркүндөтүп келгенден кийин, шаардын чок ортосунан 8 батирлүү эки кабат имараттын 80 пайызын сатып алып, ал жерге дизайн-этнографиялык окуу борборун ачат. Бул жерге окуу борборун ачып жатканда жолдошунун моралдык колдоосу чоң жардам берип, батирлердин сарайларынын ордуна үч кабаттуу заманбап имаратты 4,5 млн. сомдук кредит алуу менен куруп баштайт. Анын курулушу быйыл бүткөрүлүп, азыр заманбап имаратта өзүнүн “нарктуу” бренди менен тигилген кыргыз улуттук кийимдери, курак төшөк-жөлөнгүчтөрү, хан бешик жасалгалары атайын көргөзмө залында сакталып турат. Ал көргөзмө залга киргениңде көзүңдүн жоосун алган улуттук кийимдер көңүлүңдү көтөрүп, бир укмуш ааламга кирип келгедей абалга дуушар болосун. Баланын хан бешигин да жаңылап, ага жаңы өң берип, этно төшөктөрдү ойлоп таап, чеберлердин өсүүсүнө шарт түзүп берүүдө Наркан эжекенин эмгеги зор.

Дизайн-этнографиялык окуу борбору ачылгандан кийин, бул жерден көптөгөн келин-кыздар “Нарктуу” бренди менен улуттук кийимдерди тигүүнүн эрежелерин үйрөнүшүп, өздөрүнүн кийинки ишкердигин баштап кетүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Базар-Коргон, Сузак райондорунан кыз-келиндер келип окуп, билимге ээ болуу менен өз иштерин улантып жатышат. Азыркы учурда Ош шаарында борбордун филиалы бар. Түштүктөгү кыргыз улуттук кийимдеринин көргөзмөлөрүнө Наркан эженин “нарктуу” бренди менен катышкан окуучулары да арбын экендигин сыймыктануу менен маектешүү учурунда айтып жатты.

Биз сөз кылып жаткан Наркан Шарапова “Көчмөндөр” оюндарына жигердүү катышкандыгы үчүн КР Ардак гароматасы менен сыйланат. Азия мамлекеттеринин арасында өткөн көргөзмөдө “Сапат” сыйлыгын алууга татыган. Көптөгөн кыз-келиндер жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багып кетүүгө шарттар түзүлүп жатат. Ала-Букалык бир окуучусу Москва шаарынын так ортосунан реставрациялык ателье ачып, үй-бүлөсүн өзү эле багып жатыптыр.

Азыркы учурда дизайн-этнографиялык окуу борбору кыздарды бекер окутууга да жетишип калды. Биз окуучулары бекер окутуу менен аларды өзүбүзгө иштетип алабыз. Борбордон жылда 100 кыз-келин окуп кетишет. Акыркы мезгилде эркек балдар да окуганга кызыгып жатышат. Эркек балдар жоопкерчиликтүү жана таланттуу болушат экен. Бир үй-бүлөнү, жамаатты баккан 3 бала Москвада иштеп жатат. Азыр дагы бир балам бүттү, ал өзүмдө иштеп жатат. “Ыдырыс пайгамбарым – Кудайдын чебери болгон” – экен деп айтып калышат, ошол сыяктуу эркектерден да жакшы чебер тигүүчүлөр чыгат. Эркек балдар этно төшөктөрдү жасоодо жакшы иштешет. Аялдардын кийимедрин алып жатканда да анатомиясын, конструкциясын, баарын жакшы билишет. Чеберчилик бир гана аялзатына таандык эмес. Билимдүү болсо, ар бир иштин маңызы артып, кадыр-баркы көтөрүлөт”, - дейт Н.Шарапова.

Кыргыз улуттук кийимдерин шөкөттөп тигип, “нарктуу” деген бренд менен мындан ары да сиздин колуңуздан жаралган кийимдер көбөйө берсин деген тилекти билдирип кетмекчибиз.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Сузактык байбичелер жүндү иштетүүнүн усулун жаштарга үйрөтүп жатышат...

Сузактык байбичелер жүндү иштетүүнүн усулун жаштарга үйрөтүп жатышат...

Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагында жашы улгайган пенсиядагы аялдардан "Өз ара...

АНАЛИТИКА 2019-10-28  13:44

Уран калдыктары бизге Союз учурунан “белек” болуп калган (ФОТО)

Уран калдыктары бизге Союз учурунан “белек” болуп калган (ФОТО)

Уран калдыктары сактоочу жайлар – Кыргызстандын, Жалал-Абад облсунун же Майлуу-Суу шаарынын,...

АНАЛИТИКА 2019-10-18  11:49

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар! (ФОТО)

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар! (ФОТО)

Улуттук донорлор күнүнө карата Кызыл ай коому тарбынан 27-сентябрда Барпы театрында облусубуздун...

АНАЛИТИКА 2019-09-22  19:10

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Акыркы мезгилдерде  дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттын өзгөрүүсү ар кандай табигый кырсыктардын...

АНАЛИТИКА 2019-08-26  09:21

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер...

АНАЛИТИКА 2019-06-24  19:11

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жыл сайын 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата Улуттук Кызыл Ай коому ар түрдүү ураан менен ар...

АНАЛИТИКА 2019-06-18  11:31

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Акыркы мезгилдердеги глобалдык экологиялык проблемаларга байланыштуу, Дүйнө жүзүндө 240-250 миллион...

АНАЛИТИКА 2019-06-10  21:03