KELECHEK
rek

Сузактык байбичелер жүндү иштетүүнүн усулун жаштарга үйрөтүп жатышат (ФОТО)

Сузактык байбичелер жүндү иштетүүнүн усулун жаштарга үйрөтүп жатышат (ФОТО)

Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагында жашы улгайган пенсиядагы аялдардан "Өз ара жардамдашуу тобу" (ӨЖТ) кичи коомдук фонду түзүлүп, азыркы учурда алар жүндү кантип иштетүү усулун жаштарга үйрөтүп жатышат. Бул тууралуу “Аймира” коомдук фондунун жетекчиси Анаркүл Машаева билдирди.

А.Машаеванын айтымында, ӨЖТга ат коюулуп, өздөрү эрежелерин иштеп чыгышкан. Азырынча 9 айылда тогуз топ бар, кызыккандар көп болгондуктан, дагы көбөйүшү ыктымал.

- Жүндү үй шартында кайра иштетүү боюнча БУУнун азык-түлүк программасына долбоор жазып эки топту 48 сааттык окуудан өткөрдүк. Алар жүндү кантип иштетүү усулун үйрөнүштү. Өкүнүчтүүсү жүнгө биздин жаштар такыр кызыгышпай калыптыр. Ийик ийрүү, жүн тытуу, кийиз басуу дегенди такыр билишпейт экен. Биз жүн менен иштөөгө айылдык аялдар комитетинин төрайымдарын, пенсиядагы аялдарды көбүрөөк тарттык. Себеби, аларда тажрыйба бар экен

.

Кийиз жасадык, жип ийридик, кышаа токуганды үйрөндүк. Кийизден жайнамаз, матрас, тапочка, носки баш кийимдерди (допу, шляпа дагы ушул сыяктуу) үйрөнүштү. Биз атайы мастер чакырдык. Максатыбыз жүндөн  керектүү буюмдарды жасап, элге таратабыз. Бул кичине болсо дагы пенсиядагы аялдардын ден соолугуна оң таасирни тийгизет.

Экинчиден, үйдө отуруп өздөрүнүн керектөөсүнө кечке балдардан сурап же пенсиясын күтпөй, кичине болсо да эмгек акы алышат. Адам бош болсо ар нерсени ойлоп ооруйт. Эгер бир нерсе менен алек болсо, карылыктын оорусун унутуп, сергек жашоого умтулат деп ойлойм. Борбордо жүндөн жасалган буюмдар бар. Азырынча баа коюп сатыкка чыгара элекпиз. Жакшы жип ийригендер, тор токугандар, курак курагандар, жүндөн байпак токугандар болсо биздин борбордун эшиги ачык, - дейт Анаркүл Машаева.

Аялдардын колунан баары келет!

“Аймира” коомдук фонду быйылкы жылы КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минстирлигинин мамлекеттик бүйрутмасы боюнча жарыялаган конкурсуна катышып  “Жашоо эми башталат!” -  деген аталыштагы  долбоорду утуп алышкан.

Ал долбоордун негизги максаты - жашы өтүп, пенсияга чыккан аялдарды коомдук иштерге аралаштыруу менен жаштарга бай тажрыйбаларын жайылтууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Жашы өтүп, пенсияга чыккандан кийин көпчүлүк аялдар өздөрүн коомго керексиз сезип, ар кандай стресске кабылып, ооруп калышат. Ошолорго кичине болсо дагы түрткү болсун деген  максат менен Багыш айыл өкмөтүндө Борбор ачылган. Борбор айыл өкмөттүн кичи залында жайгашкан. “Жашоо эми башталат!” долбоору боюнча бардык жабдыктар  менен камсыз болгон. Ал жерге келген пенсиядагы жарандар кааласа компьютер үйрөнүшөт,  каалашса бири-бирине  унутулуп кеткен мурдагы кол өнөрчүлүк боюнча баарлашышат жана жүндөн буюмдарды жасашат.

Ошентип, биз жүндү үй шартында кайра иштетүүнү жандандыралы деп чечтик. Азыркы мезгилде биздин жүндөрүбүз таштандыларга ташталып, өрттөлүп аларды колдонууну дээрлик билбей калышты. Карап көрсөк балдарыбыз, карыяларыбыз бүт эле кытайдын синтетикадан жасалган  носкилерин кийип жүрүшөт. Анын дене үчүн эч кандай пайдасы жок. Ден соолукка зыян экенин билсек дагы, көңүл бурбайбыз. Карап көрсөңөр илгери 70-80-90го чыккан байбичелер, аксакалдар түп түз басышкан. Азырчы көчөгө чыксаң 50гө чыгып-чыкпай, бардыгы майпандап басып калышкан. Баарынын буту ооруйт, илгери эмнеге оорушкан эмес? Кыскасы бул иштер байбичелердин ден соолуктарынын бекем болуусуна жакшы шарт түзүп берет”, - дейт А.Машаева эжеке.

Быйылкы жылы жайында Өзбекстандын Кокон шаарында өткөн ЮНЕСКО уюму тарабынан уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр фестивалына өз ара жардамдашуу тобунун кийизден жасалган буюмдарын А.Машаева алып барып, катышып  келди. Бул фестивалга 130 мамлекет чакырылып, 78 мамлекеттин өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук өзгөчөлөнгөн буюмдары менен катышкан.

Мындан сырткары, биз бир нече жылдан бери экологиялык таза тамактарды жайылтуу боюнча да иш алып барып келе жатабыз. Мисалы, нанды ачыткы менен жасоо, ширин суусундуктарды үй шартында как менен жасалган компот менен  алмаштыруу. Кошумчалап кете турган болсом, дагы көптөгөн тамактардын табигий жасалышына көңүл бурабыз. Жалаң эле пенсиядагылар менен иш алып барбастан, айыл өкмөттөгү аз камсыз болгон жаш үй-бүлөлөр менен да иш алып барабыз. Келечекте жүндөн жасаган буюмдарыбызды кардарларга сатууну да көздөп жатабыз”, - деди “Аймира” коомдук фондунун жетекчиси Анаркүл Машаева.

Макаланын соңунда, жүндү иштетүүнү колго алып, жаштарга үйрөтүү менен бирге өздөрүнүн ден соолуктарына кам көрүп келе жаткан байбиче апалар бар болуңуздар демекчибиз!

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24