Сот Kyrgyztoday сайтын Келдибековго 30 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди
Бишкектин Биринчи май райондук соту Kyrgyztoday сайтын парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго 30 миң сом (430 доллар) төлөп берип, талаш жараткан макалаларды өчүрүүгө милдеттендирди. Келдибеков бул басылмага каршы былтыр декабрда доо арыз жазган.
Сайттын ээси Бегалы Наргозуевдин айтымында, мурдагы төрага эки макаладагы айрым билдирүүлөрдү төгүндөп, бир миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.
— Ал «Коррупцияга айыпталган Акмат Келдибеков», «Акмат Келдибековду коррупцияга айыптап камакка алганда» деген макалалардагы билдирүүлөрдү төгүндөөнү талап кылууда. Биз муну сөз эркиндигине басым деп баалайбыз. Биз да өз жүйөлөрүбүздү айтабыз. Келдибековду «коррупционер» деген жокпуз, «коррупцияга айыпталган» дедик. Анын коррупцияга айыпталганын элдин баары билет, — деп билдирди Наргозуев.
Былтыр күзүндө Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековдун арызынын негизинде «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди ага 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирген. Анда мурдагы төрага гезитте басылган айрым маалыматтар «кадыр-баркыма шек келтирди» деп, «Азия Ньюска» каршы эки арыз жазган. Экөө тең анын пайдасына чечилип, «ар бирине миллион сомдон, жалпысынан эки миллион сом төлөнсүн» деген чечим чыккан.
Акматбек Келдибеков «Коррупция» беренеси менен соттолгон. 2016-жылы мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. Бир жылдан кийин анын соттуулугу алынган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53