KELECHEK

Тажикстан президенти 20 миң кишиге мунапыс жарыялады

Тажикстан президенти 20 миң кишиге мунапыс жарыялады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20 миңден ашуун адамга мунапыс жарыялаган мыйзамга кол койду.

Өлкөдө 6-ноябрда белгилене турган Баш мыйзамдын 25 жылдыгына арналган мунапыстын мыйзам долбоору он күн мурда парламентке киргизилген.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, кабыл алынган мыйзамга ылайык мамлекеттик органдар эки ай ичинде мунапысты ишке ашырып, президентке отчет тапшырышы керек.

Расмий маалыматка ылайык, мунапыс оор эмес кылмыш үчүн абакта отурган, ушул тапта иши сотто каралып жаткан 20 миңден ашуун адамга жарыяланат. Учурда коомдук аткарууга милдеттендирилген 4,5 миң киши да жеңилдик алат.

Башкы прокурор Юсуф Рахмон мындан тышкары түрмөдө 12 жылдан ашык жаза өтөгөн аялдар, ошондой эле өспүрүмдөр мунапыска туш болорун билдирди.

- Мыйзамга ылайык абактарда отурган 300 аялдын 165и, ошондой эле тарбиялоочу жайлардагы 75 өспүрүмдүн 58си бошотулат, - деди Юсуф Рахмон.

Буга кошумча жашы 55тен өткөн эркектер, майыптар, оорукчандар, өлкөдө жана чет жакта согушка катышкандар менен Чернобыль алааматынан жабыр тарткандарга мунапыс берилет. 9 миңге жакын кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Анткен менен тажик абактарында кылмыш иштерге айыпталып, бирок, күнөөнү моюнга албай отурган саясий туткундар мунапыска илинбейт.

Мындан тышкары өмүрү өткүчө абакка кесилгендер, экстремизм жана терроризмге айыпталгандар, мурда мунапыска илинип абактан чыгып, кайра кылмышка баргандарга жеңилдик берилбейт.

Акыркы жолу мунапыс 2016-жылы берилип, анда 12 миң адам жеңилдик алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Журналист Болот Темировго кол салды деп шектелгендердин иши тергелип...

Журналист Болот Темировго кол салды деп шектелгендердин иши тергелип...

Милиция «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салууну тергеп бүтүп, ишти...

УКУК 2020-02-19  11:07

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров өкмөттү сотко берди

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров өкмөттү сотко берди

2010-жылдагы июнь коогасынан кийин өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров...

УКУК 2020-02-10  18:56

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар басымга кабылганын билдиришүүдө

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар басымга кабылганын билдиришүүдө

Учурда тергөө абагында кармалып турушкан Равшан Жээнбековдун, Канат Сагынбаевдин, Мээрбек...

УКУК 2020-02-05  04:47

Тажикстандын түрмөлөрүндө тополоң уюштурган 60 киши кайра соттолду

Тажикстандын түрмөлөрүндө тополоң уюштурган 60 киши кайра соттолду

Шермухаммад Шохиён

Тажикстанда Хожент жана Вахдат түрмөсүдөгү тополоңдор үчүн 60 соттолуучу...

УКУК 2020-02-05  05:03

Курсан Асановдун тергөө иши аяктады

Курсан Асановдун тергөө иши аяктады

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 4-февралда кабарлады.

Ага ылайык, ички иштер...

УКУК 2020-02-05  13:39

Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат

Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат

Өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун апелляциялык арызы 25-февралда Жогорку...

УКУК 2020-02-04  04:28

Чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн жазаны катаалдатуу...

Чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн жазаны катаалдатуу...

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет өлкөлөрдө куралдуу жаңжалдарга катышкан...

УКУК 2020-01-29  12:34