KELECHEK
rek

Казакстанда 30дай киши кармалды

Казакстанда 30дай киши кармалды

Казакстандын борбору Нур-Султанда уруксат берилбеген митингге катышуу айыбы менен 26 киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Алар Кытайдын экономикалык таасиринин күчөшүнө каршы чыгып, Шинжаңда куугунтукталып жаткан казактарды коргоону, Казакстандагы саясий репрессиянын курмандыктарын бошотууну талап кылышкан.

Чымкент жана Актөбө шаарларында да бир нече киши кармалды. Айрым кишилерге күч колдонулганы айтылууда.

Буга чейин оппозиционер, чет өлкөдө бозгунда жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов 26-октябрда жаштарды көчөгө чыгууга чакырган. 25-октябрда Казакстан башкы прокурорунун орун басары Булат Дембаев уруксат берилбеген митингге катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Сентябрда Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында Казакстанда кытай заводдорун курууга каршы чыккандар митингге чыгышкан. Өлкө боюча жүздөй киши кармалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53