KELECHEK
rek

Бейрутта демонстранттар 171 чакырым "чынжырча" түзүштү

Бейрутта демонстранттар 171 чакырым

Бейрутта өкмөткө каршы митингдердин катышуучулары автожолдордо кол кармашып, "чынжырча" түзүштү. Reuters агенттиги кабарлагандай, акциянын алкагында Ливандын түштүгүнөн түндүгүнө чейинки 171 чакырым жол жабылды.

Ливан жашоочулары 11 күндөн бери демонстрацияларга чыгышууда. Алар өлкө бийлигин коррупцияга жана экономиканы талкалоого айыпташууда. Бул сыяктуу жапырт жарандык акциялар Ливанда 1975-1990-жылдардагы жарандык согуштан бери биринчи жолу өтүп жатат.

Ливанда бир жумадан ашык убакыттан бери тыным алган банктар дүйшөмбүдө да иштебей турганын жарыялашты. Мектептер жана көптөгөн ишкана-мекемелер жабык.

Жалпы улуттук каршылык акциялары өлкөдөгү саясий институттарга каршы багытталган. Ар түрдүү диний топтордон куралган Ливан жашоочулары саясатчыларды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, баюу үчүн мамлекеттин ресурстарын колдонууга айыпташууда. Өлкө каржы каатчылыгына кептелүүдө, доллар тартыш болууда.

Акыркы күндөрү Ливан өкмөтү бир катар реформаларды өткөрөрүн жарыялады, бирок бул өлкөдөгү каршылык маанайды басаңдата алган жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...