KELECHEK
rek

Казакстанда мурда акталган сот кайрадан соттолду

Казакстанда мурда акталган сот кайрадан соттолду

Алматы шаардык соту “пара алууну көздөө жана “алдамчылык” беренелери менен акталган судьянын иши боюнча райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аны үч жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 23-октябрда өлкөнүн Коррупцияга каршы кызматы кабарлады.

Алматы шаарынын Ауэзов райондук сотунун судьясы Андрей Штейнке 2019-жылы февралда коррупцияга каршы күрөш органдарынын операциясынан кийин кармалган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал 2018-жылы мүлк жаңжалына байланыштуу маселени оң жагына чечип берүү үчүн таанышынан акча алган. Андрей Штейнке сотто айыптоолорду четке каккан.

Быйыл 23-июлда Алматы райондук соту “кылмыштын курамы жок” деген жүйө менен 40 жаштагы судьяны актаган. Райондук сот пара берүү фактысы аныкталбаганын билдирген.

“Пара алуу учурунда” кармалган судьянын акталышы коомчулук арасында түрдүү пикирлерди жараткан. Кийинчерээк шаардык сот Штейнке кызматынан четтетилгенин маалымдаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53