KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков: Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө эч ким тана алгыс тарыхый орду бар(ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков: Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө эч ким тана алгыс тарыхый орду бар(ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу агайын-туугандар!

Кыргыз элинин сан кылымдык тарыхында аты аңыз болуп айтылып, даңкы далай жерге жеткен, журт сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, сый–урматка арзыган улуу адамдар бар.

Кыргыз мамлекетинин түндүгүн көтөрүп, өз өлкөсүнүн келечеги үчүн өмүрүн сайып койгон, тарыхый инсандардын элеси — замандаштарыбыздын, урпактардын эс тутумунда түбөлүк жашап калуусу керек.

Ошондо гана ата-бабаларыбыздын биз үчүн күрөшкөн улуу жолун улап, ар бирибиз өлкөбүздүн, элибиздин келечегине салым кошууга дем-күч алабыз.

Касиеттүү Кадамжай жерибизден, журт башкарган, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө, эгемендүүлүгүнө салым кошкон тарыхый инсандар чыккан.

Алардын катарында Нарбото бий, Полотхан, Молдо Нияз, Абсамат Масалиев сындуу улуу мекендештерибизди атайбыз.

Узун журттун учуна, кыска элдин кыйырына „Аксакал“, „Биринчи төрага“, деген наам менен аттын кашкасындай таанылган инсаныбыз — Абдыкадыр Орозбековду өзгөчө белгилесек болот.

Ири мамлекеттик ишмер, тарыхта ысмы түбөлүк өчпөс болуп калган Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маараке салтанатын белгилөө — биз үчүн сыймык.

Анын жаркын элесине, кыргыз элинин келечегине арнаган өмүрүнө, атуулдук өрнөгүнө таазим этип, бүгүн айтылчу сөздөр — улуу сөздүн башталышы гана.

Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы жарык дүйнөгө келип, атасынан эрте ажырап, кедейликтин запкысын бала кезинен тарткан экен.

Жаш кезинен эмгекке бышып, билим алуунун ордуна кара жумуш менен маңдай терин агызып, оор турмуштун азабын көргөн.

Мындай оор жашоо-шартты башынан өткөргөнү, карапайым калктын көйгөйлөрүн жакындан билгендиги — анын саясий көз карашынын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон. 

Ферганадагы көп улуттуу эл менен жакшы мамиледе болгону — анын ийгиликке тез жетишине өбөлгө болгон.

1918-жылы 28 жаш курагында большевиктердин катарына өтүп, кызыл армиянын Фергана штабында алгач кызыл гвардиячы, кийин командири болуп дайындалган.

Жер-жерлердеги элдик бийликтерди бекемдөө боюнча зор эмгеги жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Жаңы курула баштаган өлкөнүн коомдук жана саясий турмушуна баш-оту менен киришкен.

Үч жылга жакын айылдык жана райондук революциячыл комитеттерди жетектеп, андан соң Ош аймактык эмгекчилер советинде бөлүм башчы катары кызмат өтөгөн.

Эмгеги элге таанылып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун уюштуруу курултайында депутаттар аны облустун төрагалыгына шайлашкан.

Эл арасынан чыккан, эмгекчил инсан — өзүн талантуу жетекчи катары көрсөтө алган.

1925-жылдан 1937-жылга чейин Абдыкадыр Орозбеков 3 жолу мамлекеттик жогорку кызматка шайланып,  элине ак кызматын өтөгөн.

1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетине төрагалык кылган.

1926-жылы Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, Абдыкадыр Орозбеков Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

1936-жылы Кыргыз АССРи союздук республика болуп кайрадан түзүлүп, ошол жылы Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат.

Бул жылдар Кыргызстандын экономикалык, маданий-социалдык жагынан ыкчам өнүккөн мезгили катары белгиленген.

Абдыкадыр Орозбековдун 1937-жылы Бүткүл кыргыздардын бешинчи съездинде жасаган баяндамасында төмөндөгүдөй фактылар келтирилген:

"1924-1937-жылдардын аралыгында ондогон өнөр жай ишканалары курулуп, өндүрүш 7, дандын түшүмү 4, пахтаныкы 7 эсеге көбөйдү. Калктын сабаттуулугу 68 пайызга чыкты. Кыйын кырдаалдарга карабай жүздөгөн жолдор салынып, унаалардын саны миңден ашты", — деп билдирген экен.

Орозбеков жетекчилик кылган 12 жылдын  ичинде өнөр жай өнүгүп, республикада көптөгөн завод-фабрика ишке кирген, миңдеген жумуш орундары түзүлгөн.

Кыргыз элинин жаркын келечегин баарынан жогору койгон Абдыкадыр Орозбеков чыгаан, таланттуу, мекенчил жетекчилерди кызматка даярдаган.

Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Ишеналы Арабаевге окшогон тарыхый инсандар менен кыргыз мамлекетин өнүктүрүү ишинде үзөңгүлөш болгон.

Урматтуу мекендештерим!

Абдыкадыр Орозбеков эч нерседен тайманбаган, „акты ак, караны кара“ деп, чындыкты бетке айткан адам болгону көптөгөн тарыхый булактарда бар. 

Кандай курч маселе болбосун, эч качан бой көтөрбөстөн, эл менен биргеликте чечкен.

Аткарган иштеринин айрымдарын гана белгилей кетсек, анын кыргыз элине опол тоодой эмгек эткенин көрөбүз:

—       Кызыл-Кыя, Караван, Үч-Коргон аймактары Фергана уездине карап калган учур болгон. Ал Сталинге чейин маселе коюп жүрүп, бул аймактарды акыры Ош уездине караткан;

—       Орозбеков ошол мезгилдеги республикабыздын Конституциясын кабыл алуу боюнча иштерге жетекчилик кылган;

—       Кара-Кыргыз автономиялуу облусун, Кыргыз автономиялуу республикасы деп атоо боюнча тынымсыз сунуштарды, негиздүү аргументтерди берип жүрүп, жыйынтыгында ишке ашырган;

Бүткүл орусиялык борбордук комитетинде бул маселе каралганда Абдыкадыр Орозбеков жалпы кыргыз элинин максат-мүдөөсүн айтып баяндама жасап, аргументтер менен ынандырган.

Анын натыйжасында биз үчүн тарыхый токтом —  Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын түзүү жөнүндөгү чечим кабыл алынган;

—       Отузунчу жылдарын башында билим жана илимий өнүгүүнүн пайдубалына чоң салым кошкон. Жалпы элди окууга тартуу, кыргыз тилин окутуу маселелерин чечүүгө жетекчилик кылган;

—       Анын жетекчилиги астында бир катар жогорку окуу жайлары, маданий жана социалдык объекттер курулган;

—       Коңшу республикалар менен достукта болууга өзгөчө маани берген.

—       Улуттар ынтымагын чыңдаган. Ал кыргыздар, тажиктер жана өзбектер байыртадан эле чогуу жашап, ынтымакта бир арыктан суу ичип, эгин эгип, базары да, мазары да бир болгонун көп айтчу экен.

—       1936–жылы Кыргызстандын Автономиялуу Республикадан Кыргыз Советтик Социалисттик Республика болуп түзүлүшү үчүн Аксакал зор эмгек өтөгөн.

Жогоруда айтылгандай, ошол жылы, Абдыкадыр Орозбеков — Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.

Урматтуу агайын-туугандар!

Жок жерден жалаа жабылып, бүт өмүрүн элинин эркиндиги, жакшы жашоосу, эртеңки келечеги үчүн арнаган кыргыздын кыраан уулу —  Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы жалган жалаа менен камакка алынган.

Сегиз ай кыйноодон кийин, „эл душманы“ деп аталып, 1938-жылы атылып кеткен.

Анын артында калган жубайы, эки уулу жана бир кызы адилетсиз куугунтукка кабылышкан.   

Ал тургай аты-жөнүн өзгөртүп жер которуп, бекинип жашоого аргасыз болушкан.

Абдыкадыр Орозбеков түрмөдө адам чыдагыс, адам көтөргүс кыйноолорго туш болгон.

Бирок, ал өзүнүн көкүрөгүндөгү чындыгынан, өз акыйкатынан, адилеттүүлүгүнөн жана мекенчилдигинен тайган эмес.

"Кыргыз элим! Кыргыз жерим! Мен сенин келечегиңе ишенем!", деп каза болгон.

Ал эртеби-кечпи, акырында чындык келээрине ынанган.

Качандыр бир убакта кыргыз эли өз алдынча өлкө, көз карандысыз мамлекет, эркин эл болоруна ишенген.    

Акыркы деми калгыча элине, жерине, өлкөсүнө болгон сүйүүсүн, урматын сактаган, адамдык идеалын бекем тутунуп, келечек үчүн жан берген!

Акыйкаттык жеңип, 1956-жылы Абдыкадыр Орозбеков толук акталган.

Элибиздин мыкты уулу — жалпы улуттук маанидеги инсан, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары таанылган.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө эч ким тана алгыс тарыхый орду бар.

Анын элесине таазим этип, ысымын урпактарга улуу сөз катары жеткирүү — ар бирибиздин парзыбыз. 

Ал элди, жерди сүйүүнүн, мекенге таза кызмат кылуунун бийик үлгүсүн калтырып кетти.

Кыргыз элинин улуу инсанынын өмүр жолу — бизге жана биздин келечек урпактарыбызга өрнөк болушу абзел.

Кыргыз элине ынтымакты улуу дөөлөт катары айтып келген, улуу аталарыбыздын керезин ар бирибиз аткарууга милдеттүүбүз!

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн Кыргызстаныбыздын ар бир жараны, мамлекеттик кызматкерлери, жаш-карысына, улутуна карабай Абдыкадыр Орозбековдун мамлекетке кылган кызматын — өзүбүзгө үлгү катары кабыл алуубуз керек.

Анын жолун улап, ар кимибиз өлкө үчүн салымыбызды кошсок, келечекте өнүккөн мамлекетти курабыз.

Элибиз үчүн ынтымак менен биримдиктен, эркиндик менен эгемендиктен өткөн дөөлөт жок!

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!»

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Түркмөнстандын тарыхый эстеликтерин калыбына келтирүүгө грант...

ТАРЫХ 2019-10-25  14:22

Индияда Махатма Гандинин күлү сакталган урна уурдалды

Индияда Махатма Гандинин күлү сакталган урна уурдалды

Махатма Ганди

Индиянын көз карандысыз кыймылынын...

ТАРЫХ 2019-10-04  16:21

Тажикстанда Айнинин буга чейин жарыяланбаган ырлары табылды

Тажикстанда Айнинин буга чейин жарыяланбаган ырлары табылды

Тажик совет адабиятына негиз салуучулардын бири, белгилүү акын Садриддин Айнинин...

ТАРЫХ 2019-09-04  16:13

Грецияда байыркы акыл-эстүү кишилердин калдыктары табылды

Грецияда байыркы акыл-эстүү кишилердин калдыктары табылды

Окумуштуулар Африка чегинен алыс аймакта акыл-эстүү адамдардын эң жаш үлгүсүнүн калдыктарын табышты....

ТАРЫХ 2019-07-11  15:38

Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленди

Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленди

Кыргыз Республикасынын Президенти...

ТАРЫХ 2019-06-30  00:05

Бухарада муфтийдин буйругу менен байыркы тыт бактары кыйылды

Бухарада муфтийдин буйругу менен байыркы тыт бактары кыйылды

9-июнда Өзбекстандын Бухара облусунда шейх Бахауддин Накшбанди мавзолейинин...

ТАРЫХ 2019-06-13  18:28

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында өткөн «Өлбөс...

ТАРЫХ 2019-05-09  17:13