KELECHEK
rek

Аксы: талаштуу тилке Өзбекстандыкыбы?

Аксы: талаштуу тилке Өзбекстандыкыбы?

Аксы районунда Өзбекстан менен буга чейин талаш жаратып жаткан чек арадагы тилке Өзбекстанга таандык болуп чыкты. Бул маалыматты райондук бийлик бышыктаганы менен, облустук бийлик төгүнгө чыгарууда. Анткени буга чейин аталган тилкени кыргыз жарандары тоскоолдуксуз пайдаланып келген.

Аксынын Сөгөт айылында талаш жараткан тилке эки тараптуу жергиликтүү жетекчилердин катышуусунда аныкталган. Ага ылайык беш гектарга жакын аймак Өзбекстандын жери экендиги документтерде көрсөтүлгөн.

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Алтынбек Кутманов буларды айтты:

- Ушул айдын башында эки өлкөнүн делимитация жана демаркация маселелери боюнча өкүлдөрү, алар тараптан Жаңы-Коргон чек ара отрядынын жана бизден Ала-Бука чек ара отрядынын командирлери окуя катталган чек ара тилкесинде жолугушту. Ошол жолугушуудан соң карталарды көрүп, протоколдорду караганда өзбек тарапка таандык болуп чыкты. Анткени 2001-жылы 23-августта №8 протокол менен чек арадагы 97-98-участок белгилери эки тараптуу такталган. 2003-жылдын 23-сентябрында №12 протокол менен Бишкек шаарында бул жер бекитилип жатат. Азыркы талаш жер бул картадагы 97-98-белгилердин ортосундагы аралык.Ташкент шаарында 2006-жылы 27-сентябрда №20 протокол менен буга эки президенттин колу коюлган. Ошол үч протоколдун негизинде ал жер өзбек тараптын пайдасына чечилген жер болуп чыкты.

Бирок Кутмановдун айтымында, бул маселе эми өкмөттүк деңгээлде каралып, дагы такталмайынча ал тилкеге эч ким кирбейт. Анткени бул маселе жергиликтүү деңгээлде гана сүйлөшүлгөн дейт.

- Бул маселе эми өкмөттүк деңгээлде чечиле турган болуп, маселе көтөрүлүп жатат. Ал каралганга чейин аталган талаштуу тилкеге эки тараптын тең чек арачылары кирбей турган болду. Бирок ушул күнгө чейин өзбек тарап ал жер боюнча эч кандай суроо-талабын айткан эмес. Ошол себептүү биздин жарандар колдонуп келишкен.

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда Өзбекстан менен такталбаган 27 участок бар. Алардын көпчүлүк бөлүгү Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан. Чек ара кызматы берген маалыматта талаш жараткан Сөгөт чек ара тилкеси Чаласарт участкасынын катарында такталбаган тилке катары каттоого алынган.

"Ошол себептүү аны Өзбекстандыкы деп айтууга эрте" дейт өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов:

- Райондук аппарат жетекчинин айткан маалыматы расмий эмес жана такталбаган болушу мүмкүн. Район башчысы, облус жетекчиси айткан учурда да ал маалымат туура эмес. Эгерде өкмөттүк деңгээлде расмий түрдө берилсе, ошондо гана так болушу мүмкүн. Ошол себептүү азыр бул такталбаган жерди Өзбекстандыкы же Кыргызстандыкы деп айтууга эрте. Бул жагдайды өкмөттүк деңгээлдеги комиссия аныктап, Жоргорку Кеңеш аны ратификациялаш керек. Ошол учурда гана так айтса болот.

Ушул жылдын 28-июнь күнү кыргызстандыктар пайдаланып келаткан Аксыдагы чөп жайыт жерге өзбек чек арачылар кирип, аларды чыгарып салышкан. Бул окуядан соң эки тараптан тең жумушчу комиссия иштей баштаган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53