KELECHEK
rek

Путин: Түркия менен «тагдыр чечүүчү» макулдашууга жетиштик

Путин: Түркия менен «тагдыр чечүүчү» макулдашууга жетиштик

Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Евфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы сирия-түрк чек арасын биргелешип көзөмөлдөө тууралуу макулдашты.

Мамлекет башчылар кол койгон меморандумга ылайык, сириялык күрт кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектешкен, кендиги 30 чакырымды түзгөн тилкеден толугу менен чыгып кетиши керек. Дээрлик алты күн алты саатка созула турган бул убакыт ичинде ок атылбашы керек. Андан соң Түркия менен Орусия аймактагы коопсуз тилкени биргелешип күзөтүшөт.

Эрдоган 22-октябрда Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Алардын ортосундагы сүйлөшүүлөр алты саатка созулуп, башкы тема Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын аскердик операциясы болду.

Путиндин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Сириянын түндүгүндөгү абалды биргелешип жөнгө салуу планын иштеп чыгышты. Орус президенти бул чечимди «өтө маанилүү жана тагдыр чечүүчү» деп атады.

Эрдоган Сириянын аймагындагы «коопсуздук тилкесине» Түркиядагы сириялык качкындардын бир бөлүгү жайгаштырылышы мүмкүн экенин билдирди.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт кошуундарына каршы "Тынчтык булагы" операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыпташкан.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон. 22-октябрда бул мөөнөт бүтөөр алдында сириялык күрт кошуундары макулдашуунун талабын аткарып, аймактан чыгып кетишкенин билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52