KELECHEK
rek

Мунайды автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Мунайды автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга мунай жана мунайзаттарынын айрым түрлөрүн автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-октябрда кол койду.

— Бул чечим көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган, — деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Бирок ташууга убактылуу тыюу салынган мунайзаттарынын айрым түрлөрү кайсылар экени көрсөтүлгөн эмес. Тыюу салуу качанкыга чейин күчүндө болору, бул аралыкта темир жол менен гана ташыш керекпи же башка жолдору барбы - бул тууралуу чечимде жазылган эмес.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизел отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 миллион 400 миң тоннаны түзөт. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Орусиядан келет.

2018-жылда күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташыган 73 факт катталган, алардын көлөмү 146 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 миллион сомго барабар.

2019-жылдын январынан июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзат ташылып келинген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38