KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы заводдун 100дөй жумушчуcу жөө жүрүшкө чыкты

Жалал-Абаддагы заводдун 100дөй жумушчуcу жөө жүрүшкө чыкты

«Жалал-Абад Темир бетон» заводунун кызматкерлери жөө жүрүшкө чыгышты. Алар «Ишкерлерге бут тосуу токтотулсун», «Ишканага электр жарыгы берилсин» жана «“Элдик” ишканасынын жетекчиси Алексей Апиев жумуштан кетсин» деген жазуусу бар плакатарды көтөрүп, талаптарын билдиришти.

Заводдун директору Бакыт Борошевдин айтымында, мамлекеттик органдар заводдун иштешине тоскоолдук кылып жатат.

- 2017-жылы келишимдик негизде ушул заводду ижарага алганбыз. Талкаланган, ичинде эч нерсеси калбаптыр. Миллиондогон акчага тетиктерди сатып алдык. Мурун 46 жумушчу гана болсо, азыр 103кө көбөйдү. Шаардагы жеке менчик компаниялардын ичинде мамлекетке жакшы салык төлөгөн алдыңкы мекеме болдук. Айына мамлекетке миллион сомго жакын төлөмдөрдү берип жатабыз. «Элдик» ишканасы келишим бүттү деп бизди чыгарган жатат. 10 күн мурда электр энергиябызды өчүртүп коюп, жумушсуз калдык. «Бизге иштөөгө убакыт бергиле, андан соң бошотуп беребиз» деп билдирдик, - деди Борошев.

Чогулгандар завод алдынан облустук администрацияга чейин жөө жүрүшкө чыгышкан. Аларды шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери токтотуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң акциясын убактылуу токтотушту.

Бирок Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу болгон «Элдик» мамлекеттик ишканасы өз кадамдарын мыйзамдуу деп эсептеп, прокуратурага кайрыла турганын билдирди.

Белгилей кетсек, ушул «Элдик» ишканасынын мурдагы кожоюну Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктөрдү башкаруу ошол ишканага берилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13