KELECHEK
rek

Тажик бийлиги өлкө жашоочуларынын туура эмес тамактануусуна тынчсызданууда

Тажик бийлиги өлкө жашоочуларынын туура эмес тамактануусуна тынчсызданууда

Тажик өкмөтүнүн жыйынында ашыкча салмак жана зыяндуу тамак-аш маселеси талкууланды. Тиешелүү түзүмдөргө семиздиктин алдын алуу үчүн чара көрүүгө тапшырма берилди.

Тажикстан бийлиги тамактануунун рационун кайра карап чыгуу жана дени сак жашоо образын үгүттөө үчүн 2019-2024-жылдарга карата атайын программа кабыл алган. Тамактануу боюнча улуттук борбордун директору Хотамбек Хайровдун айтымында, калк арасында семиздик көйгөйү туруктуу тенденцияга ээ болсо, саламаттык сактоо тармагына бөлүнө турган каражаттын 6 пайызы дал ушул көйгөйдү чечүүгө жумшалат.

Дарыгерлер бир түрдүү, тез даярдалуучу тамак-аш семирүүгө, жүрөк-кан тамыр ооруларына, кант диабетине алып келерин эскертишүүдө.

Тажикстандын медицина кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөгө караганда, өлкө калкынын 17 пайызы ашыкча салмактан жана 11 пайызы семиздиктен жапа чегүүдө. Сурамжылоого ылайык, өлкөдөгү өспүрүмдөрдүн 5 пайызы ашыкча салмакка ээ.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму калкка жашоо образын кайра карап чыгууну сунуштаган. Уюмдун маалыматына караганда, бир суткалык рациондун 50 пайызын жашылча-жемиш түзүшү керек, ал эми бир жумада 150 мүнөттөн кем эсе физикалык көнүгүү талап кылынат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13