KELECHEK

Си Цзиньпин: Кытайды бөлүп-жаруу аракеттери ишке ашпайт

Си Цзиньпин: Кытайды бөлүп-жаруу аракеттери ишке ашпайт

Кытайды бөлүп-жарууга багытталган кандай гана аракет болбосун, ал ишке ашпайт. Бул тууралуу өлкө лидери Си Цзиньпин Непалга жасаган сапары маалында билдиргенин AFP агенттиги кабарлады.

Мындай билдирүү Гонконгдо демонстранттар менен полициянын жекшембидеги жаңы кагылышуусу болгон учурда айтылды. Бээжин буга чейин Гонконгдогу нааразылык акцияларды күчөтүүгө «сырткы күчтөрдү» айыптаган.

Укук коргоочулар менен Батыш өлкөлөрү Кытайды жарандарынын, анын ичинде Тибет менен Шинжаңдагы аз улут өкүлдөрүнүн укуктарын бузууга айыптап келишет.

2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдын түрк тилдүү жашоочуларынын миллионго жакын өкүлү «экстремизмге каршы күрөшүү борборлорунда» мажбурлап кармалып турганын, дагы миллиону «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине» жөнөтүлгөнүн билдирген.

Гонконгдо нааразылык акциялар төрт айдан ашык убакыттан бери уланууда. Алгач демонстранттар кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоо мыйзамына каршы чыгышкан. Кийинчерээк алардын талаптары көбөйүп, учурда шаардын автономиясын сактап калуу жана Гонконг бийлигин отставкага кетирүү талаптары айтылууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда бүтүрүү кечесине акча таба албаган бир нече окуучу өз...

Түркмөнстанда бүтүрүү кечесине акча таба албаган бир нече окуучу өз...

Акыркы күндөрү Түркмөнстандын Лебап облусунда мектепти аяктоо иш-чараларына акча таба албай калган...

Пандемия маалында атмосферадагы көмүр кычкыл газынын деңгээли кескин...

Пандемия маалында атмосферадагы көмүр кычкыл газынын деңгээли кескин...

Коронавирус пандемиясынан улам атмосферадагы көмүр кычкыл газы кыйла азайды. Бул тууралуу Nature Climate Change...

БМУ: жайында ысык жана коронавирус ден соолукка олуттуу кесепетин...

БМУ: жайында ысык жана коронавирус ден соолукка олуттуу кесепетин...

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (БМУ) быйыл жай өзгөчө ысык болорун,  коронавирустун жайылышы менен...

Казак-орус чек арасында калган өзбекстандыктарга Самара облусунда...

Казак-орус чек арасында калган өзбекстандыктарга Самара облусунда...

Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги казак-орус чек арасында топтолуп турган жарандарына Самара...

ЖМК: Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды

ЖМК: Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Baza...

Молдованын православ чиркөөсү коронавируска каршы эмдөөдөн күмөн...

Молдованын православ чиркөөсү коронавируска каршы эмдөөдөн күмөн...

Молдованын православ чиркөөсү – Синод өлкө бийлигине расмий кайрылуу жолдоп, коронавриустун...

Орусияда Жеңиш парады менен Конституцияга добуш берүү бир күндө өтүшү...

Орусияда Жеңиш парады менен Конституцияга добуш берүү бир күндө өтүшү...

Кремль Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнү жана Жеңиш парадын бир күндө,...