KELECHEK

Душанбеде эки аял милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын билдирүүдө

Душанбеде эки аял милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын билдирүүдө

Майрам Содикова менен Мастона Зайниддинова

Душанбенин тургундары Майрам Содикова менен Мастона Зайниддинова шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы эки кызматкери тарабынан кыйноого алынганын билдиришти.

Майрам Содикованын айтымында, Фарход Нурхонов жана Аваз Сабзаев аттуу милиционерлер аны 2017-жылдын аягында кармап, уурулукка шектелип жаткан күйөөсүнүн жашырынган жерин айтып бер деп кыйноого алышкан.

— Алар күйөөмдүн кайсыл жерде экенин сурап, сабашты. Мен анын каякта экенин чынында билчү эмесмин. Андан соң көмкөрөмөн жаткырып, колу-бутумду байлап, оозума чүпүрөк тыгып, электр ток менен кыйнашты. Денем бүт күйүп калганына карабай кыйноосун уланта беришти, — деди ал.

Мастона Зайниддинова милиционерлер аны дагы Содикованын күйөөсүнүн жүргөн жерин сурап, электр тогу менен кыйноого алышканын билдирүүдө.

Учурда айыпталып жаткан Фарход Нурхонов менен Аваз Сабзаев камакта. Алар быйыл жыл башында 17 кишинин арызынын негизинде «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Кыйноого алуу» беренелери менен айыпталып, камакка алынышкан.

Фарход Нурхоновдун адвокаты Абдукарим Абдулхамидов мурдагы милиция кызматкерлерине карата айтылган айыптоолор негизсиз экенин билдирди.

— Сотто кыйноого алуу фактысы боюнча иш алып барган соттук-медициналык эксперт аялдардын денесинде эч кандай тактар табылбаганын айтты. Алардын биринин терисинде анча чоң эмес тытык табылган, бирок анын тери оорусу бар экен, — деди адвокат.

Өз кезегинде Майрам Содикованын адвокаты соттук-медициналык экспертиза милиция кызматкерлиринин катышуусунда жүргүзүлгөндүктөн, аны объективдүү деп эсептөөгө болбой турганын билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Журналист Сартбаев Аскер прокуратурасында беш саат сурак берип чыкты

Журналист Сартбаев Аскер прокуратурасында беш саат сурак берип чыкты

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев 15-январда Аскер прокуратурасында күбө...

УКУК 2020-01-16  20:15

Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды

Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу...

УКУК 2020-01-15  23:27

Кыргыз-тажик чек арасында алмашылчу жерлер аныкталат

Кыргыз-тажик чек арасында алмашылчу жерлер аныкталат

Кыргыз өкмөтү 14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон»...

УКУК 2020-01-15  23:46

Душанбе: Кыргыз-тажик чек арасында абал оор, бирок көзөмөлдө

Душанбе: Кыргыз-тажик чек арасында абал оор, бирок көзөмөлдө

Кыргыз-тажик чек арасы

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал оор, бирок күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө....

УКУК 2020-01-13  12:12

Гүлнара Каримованын Швейцариядагы 70тен ашык искусство буюму...

Гүлнара Каримованын Швейцариядагы 70тен ашык искусство буюму...

Өзбекстан мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын чет өлкөдөгү байлыгын...

УКУК 2020-01-13  20:34

ИИМ: 2019-жылы 5000ден ашуун үй-бүлөдө зомбулук фактысы катталган

ИИМ: 2019-жылы 5000ден ашуун үй-бүлөдө зомбулук фактысы катталган

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө аялдарга карата зомбулук көкөй кескен мүшкүл болуп...

УКУК 2020-01-10  15:15

Казакстанда прокурор менен соттун корук аймагында кармалышы боюнча...

Казакстанда прокурор менен соттун корук аймагында кармалышы боюнча...

Казакстандын Актөбө облусунда Иргиз райондук сотунун төрагасы Бакытжан Ерландын өзгөчө коргоодогу...

УКУК 2020-01-09  17:47