KELECHEK
rek

Өзбекстанда өкмөттүк мекемелердин басма сөз кызматтары сынга кабылды

Өзбекстанда өкмөттүк мекемелердин басма сөз кызматтары сынга кабылды

Баходирхон Элибоев менен Абдурахмон Ташанов

Өткөн жуманын аягында Өзбекстандын Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги өкмөттүк мекемелердин басма сөз кызматтарынын ишине арналган жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө агенттиктин башчысы Комил Алламжонов менен анын орун басары, өлкө президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын ишин сынга алышты.

— Бул жерде 78 басма сөз кызматтын жетекчиси отурат. Эгер алардын ар бири күнүнө бирден билдирүү жазса, анда медиа-чөйрө алардын маалыматтарына толуп калмак. Маалыматтык согуш маалында бул өтө маанилүү жана актуалдуу маселе, — деди Алламжонов.

Ферганалык эркин журналист Баходирхон Элибоев мекеме жетекчисинин «маалыматтык согуш» деген сөз айкашын колдонгону «тынчсызданууну» жаратарын билдирди:

«Заманбап медиа-чөйрөдө расмий ЖМКлар аудиториясын жоготуп жатат. Комил Алламжонов маалымат үчүн эмес, аудитория үчүн согуш десе туура жана түшүнүктүүрөөк болмок.

Журналист жана укук коргоочулардын «Эзгулик» бирикмесинин башчысы Абдурахман Ташановдун пикиринде, өкмөттүк мекемелердин басма сөз кызматтары дале болсо эркин басылмалардан коркушат.

— Басма сөз кызматтар «Озодлик» («Азаттык» радиосунун өзбек кызматы), Би-би-си өңдүү чет өлкөлүк маалымат каражаттарынан корко берсе, Алламжонов айткан көйгөйлөр чечилбейт, — деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...