KELECHEK

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы ишин баштады

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы ишин баштады

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өз ишин баштады. Бул тууралуу ал өзү өкмөттүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 8-октябрдагы жыйынында билдирди.

Робин Орд-Смит кыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттерин колдой турганын айтып, жергиликтүү бизнес-коомчулук бизнести коргоодо жетиштүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары ал Улуу Британиянын жараны экенине карабастан, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.

Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлүк жаранды бизнес-акыйткачы кылып дайындоо — кыргыз экономикасына акча салууну каалаган инвесторлорго ишеним берерин белгиледи.

53 жаштагы Орд-Смит Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Быйыл 19-июнда өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрүнөн турган байкоочу кеңеш Робин Орд-Смитти бизнес-акыйкатчы кызматына шайлаган. 15-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны бул кызматка дайындоо тууралуу буйрукка кол койгон.

Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө 1,5 миллион евро жумшалат. Каражатты Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев...

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк...

CАЯСАТ 2019-10-15  01:06

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин...

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары...

CАЯСАТ 2019-10-14  21:21

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти...

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан)...

CАЯСАТ 2019-10-14  21:59

Ашхабад шаарындагы КМШ МБКнын кезектеги жыйыны

Ашхабад шаарындагы КМШ МБКнын кезектеги жыйыны

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында...

CАЯСАТ 2019-10-11  21:00

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан...

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан...

CАЯСАТ 2019-10-09  13:51

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын...

CАЯСАТ 2019-10-08  16:02

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Премьер-министринин...

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Премьер-министринин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 7-октябрда, өлкөгө Кыргызстан менен Азербайжан...

CАЯСАТ 2019-10-07  15:58