KELECHEK

Наманганда жаңы аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду

Наманганда жаңы аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду

Өзбекстандын Наманган шаарындагы «Легендалар өрөөнү» паркында жаңы орнотулган аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 30-сентябрда болгон.

Парк кызматкерлеринин бири Эля Холикова аттуу кыз жакында эле орнотулуп, сыноо иретинде иштеп жаткан аттракционго уруксатсыз отурганын билдирди:

— Бул жерде күнөө кыздын өзүндө. Ал сыноо иретинде иштеп жаткан селкинчекке уруксатсыз отурган. Анын темир тирөөчү башына тийип, алган жаратынан каза болду.

18 жаштагы Эля Холикова аталган паркта быйыл 1-августтан бери иштеп жаткан.

Наманган шаардык прокуратурасы учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Борбор Азиядагы эң ири көңүл ачуу паркы эсептелген «Легендалар өрөөнү» быйыл жайында ачылган.

Наманган шаардык акимчилигинин өкүлдөрү парк жеке менчик экенин айтып, окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Быйыл июнда Жизак облусунда аттракциондун кармагычы чыгып кетип, 20 жаштагы кыз мерт болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда аскерден качкан студент экинчи кабаттан секирип кетти

Тажикстанда аскерден качкан студент экинчи кабаттан секирип кетти

Ахмаджони Амир

Куляб педагогикалык колледжинин студенти күч менен аскерге алып кетүү үчүн...

Өзбекстанда мугалим бөтөлкө менен чапкан окуучунун мээси чайкалган

Өзбекстанда мугалим бөтөлкө менен чапкан окуучунун мээси чайкалган

Ташкент облусунун Ангрен шаарында мугалим 8 жаштагы окуучу кызды желим бөтөлкө менен чаап жиберген....

Уфада өзбек жараны тажикстандык окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө

Уфада өзбек жараны тажикстандык окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө

Башкырстандын борбору Уфада өзбекстандык өспүрүм кыз эки жыл бою тажик жараны тарабынан күч менен...

Өзбекстанда Куран китебин кыргызстандыкка сатууга аракет кылган киши...

Өзбекстанда Куран китебин кыргызстандыкка сатууга аракет кылган киши...

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын...