Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогу өттү (ФОТО)
Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогуна арналган кичи-футболдун жарым чейректик жана финалдык беттештери 2-октябрда өткөрүлдү. Алгач өздүк курамдын жана спортчулардын катышуусунда спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлүп, кызмат учурунда курман болгон кесиптештерди эскерип куран түшүрүлдү.
1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата кичи-футбол боюнча Жалал-Абад шаар-райондордун ИИБнин ортосундагы финалдык оюндар орун алды. Облустагы милиция бөлүмдөрүнүн жалпы 18 командасы бул кубок үчүн күч сынашкан. Көк майсаң үстүндөгү беттештер, жайгашкан аймагына жараша 6 тайпага бөлүнүп, жер-жерлерде түзүлгөн график боюнча оюндар жүргүзүлгөн.
Аймактарда болуп өткөн тайпалык оюндарда активдүүлүгүн көргөзүшүп, жарым чейректик оюнга катышкан 6 команданын ортосундагы беттештер кызуу жүрүп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Өтмө кубокко арналган мелдештин финалдык бөлүгүндө Жалал-Абад ОИИБнин борбордук аппаратынын курама командасы менен милициянын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын курама командалары кез келди.
Финалдык беттеш көрүүчүлөрдүн сүрөөнү менен коштолуп, ар бир команданын намысын коргогон кызматкерлер жеңиш үчүн аракеттерин көрүштү. Жалпы 2 бөлүктүн жыйынтыгында милициянын КККнын өзүнчө ротасынын командасы мыктылыгын көргөзүп, 1-орунду багындырышты. Ал эми 3-орунду Ноокен РИИБи жеңип алса, 4-орунга тез чара көрүү отряды (СОБР) татыды.
Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20