KELECHEK

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин иш бөлмөсүндөгү уурулук боюнча шектүү кармалды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин иш бөлмөсүндөгү уурулук боюнча шектүү кармалды

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдиновдун  иш бөлмөсүнөн буюмдарын уурдап кетти деп шектелген жаран 2-октябрь күнү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 28-август күнү Жалал-Абад шаарынын 1983-жылы туулган тургуну Э.Зияйдинов арыз менен кайрылган. Себеби, ошол эле күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаардык мэриясынын 3-кабатындагы жумуш бөлмөсүндөгү капчыгын, анын ичинде 100 (жүз) АКШ доллары, 5550 (беш миң беш жүз элүү) сом, 1 (бир) даана «Оптима банк» карточкасы жана ID жарандык паспортун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкен.

Бул арыздын негизинде окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолуп, Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне “Уурдоо” фактысы менен катталып, КР КЖКнин 200-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Берилген тергөө тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад ШИИБнин КМКнын опер кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2019-жылдын 2-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 2003-жылы туулган Т.О. (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу тургуну шектүү катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кылмыш иши боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, жакында эле мэрдин кабылдамасында шаардык бир мекеменин жетекчисинин 27 миң сомдук кол телефону жоголгон.                                            

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы.

Ушул жылдын 25-майында Сузак районундагы айылдардын...

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып,...

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран...

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран...

2020-жылдын 24-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин милициянын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын...

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү ...

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү ...

Үстүбүздөгү жылы май айында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата...

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Чек арадагы Ак-Сай айылы.

24-майда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууудан Тажикстандын чек...

Милиция издөө салат!

Милиция издөө салат!

2020-жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү 02:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын...

Өзбекстанда бир киши өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт койду

Өзбекстанда бир киши өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт койду

Кашкадарыя облусундагы Карши шаарынын тургуну үй-бүлөлүк чырдан кийин өзүнө жана 80 жаштагы атасына...