KELECHEK

Жалал-Абад милициясы карыларга кам көрүүдө (ФОТО)

Жалал-Абад милициясы карыларга кам көрүүдө (ФОТО)

Жалал-Абад облусундагы милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери 1-октябрь -  Эл аралык карылар күнүнө карата жер-жерлерде ИИОнун ардагерлеринен жана улгайган карыялардан кабар алышууда.

Бул иш-чаранын негизги максаты карыялардын бул жашоодо өз орду жана алардын сый-урматка татыктуу экендигин белгилөө болуп саналат.

Карылар күнүндө Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов башында турган топ ИИОнун эки ардагери Жалал-Абад шаарында жашаган 70 жаштагы Абдылдабек Абылкасымов жана Сузак районунун 82 жаштагы тургуну Мойдун Мамажанов менен жолугушуп, акчалай колдоо көрсөтүшүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү тапшырып, аларга бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалашты.

Ушундай эле иш-чара бүгүн Таш-Көмүр ШИИБнин кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү. Алар Шамалдысай шаарчасында жашаган 68 жаштагы Хасиятхан Хасановадан кабар алышып, атайын даярдалган белектерин жана  акчалай сыйлыгын тапшырышты.

Ошондой эле Жалал-Абад ШИИБнин жаш кызматкерлери бүгүн ИИОнун ардагерлери менен жолугушуп, чакан баарлашуу орун алды. Соңунда ардагерлерге атайын даярдалган сый тамак тартууланды.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду

Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду

Чаткал районун 2013-жылдан тарта жетектеп келе жаткан аким Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду. Бул...

КООМ 2020-05-26  17:18

Москвадан Бишкекке дагы 372 кыргызстандык учуп келет

Москвадан Бишкекке дагы 372 кыргызстандык учуп келет

Бүгүн, 26-майда Москвадан Бишкекке чартердик каттам менен дагы 372 кыргызстандык жаран учуп келет. Бул...

КООМ 2020-05-26  17:53

Кыргызстандык 50 келинди Өзбекстан кабыл алды

Кыргызстандык 50 келинди Өзбекстан кабыл алды

Ошто «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтө албай жаткан, Өзбекстанга турмушка чыккан 50...

КООМ 2020-05-26  17:57

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбагандар айыпка жыгылды...

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбагандар айыпка жыгылды...

Бүгүн Жалал-Абад шаарында 25-майдан тарта уруксат берилген коомдук транспортторго, кийим-кече сатуучу...

КООМ 2020-05-26  19:48

Штаб: Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

Штаб: Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соодо борборлорунда жана коомдук транспортто беткап...

КООМ 2020-05-26  18:06

Оренбург облусунан 413 кыргызстандык Бишкекке жеткирилди

Оренбург облусунан 413 кыргызстандык Бишкекке жеткирилди

Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча келген чартердик рейс. 22-май, 2020-жыл.

Орусиянын Оренбург...

КООМ 2020-05-24  22:27

Жалал-Абад: Кеңеш айылында айт күнү үй кыдырбоого чакырган чечим кабыл...

Жалал-Абад: Кеңеш айылында айт күнү үй кыдырбоого чакырган чечим кабыл...

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусуна караштуу айылдардын биринде айт күнү маркумдарга куран...

КООМ 2020-05-21  11:10