KELECHEK

Кыргызстан жана Тажикстан жаштары ынтымакка чакырган акцияларды өткөрүшүүдө

Кыргызстан жана Тажикстан жаштары ынтымакка чакырган акцияларды өткөрүшүүдө

Сентябрдын аягында Кыргызстан менен Тажикстанда Тынчтык жана Толеранттуулук күндөрү жарыяланган. Ал октябрдын ортосуна чейин уланат. Бул тууралуу «Журналистика жана Демократия» коомдук уюму билдирди.

Анын алкагында чек арадагы чырдан улам пайда болгон чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн мектептерде, парктарда, медреселерде, стадиондордо жана башка коомдук жайларда маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Жалал-Абад, Хожент, Бишкек, Пенжикент, Ош, Канибадам, Баткен, Исфара, Лейлек жана башка шаарларда, райондордо жаштар спорттук мелдештерди, тынчтык тууралуу талкууларды өткөрүп, ишембиликке чыгып, көчөт отургузушууда.

Негизинен иш-чаралар чек ара чырлары чыккан аймактардан алыс – борбордук региондордо өтүүдө. Уюштуруучулардын пикиринде, окуя болгон жерден алыс жашаган тургундар туура эмес маалыматтарга туш болушууда, ошол эле маалда алар коомдук пикирди жаратууга көбүрөөк таасир тийгизе алышат.

Бардык акциялар БУУнун камкордугунун алдында жыл сайын өтө турган Эл аралык тынчтык күнү жана Эл аралык толеранттуулук күнүнө арналган. Долбоорду Глобалдык Өнөктөштүк жана Куралдуу Жаңжалдардын алдын алуу (GPPAC) борборунун колдоосу менен Кыргызстан менен Тажикстандагы «Тынчтык өрөөнү» түйүнү ишке ашырууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

МЧК: Өзбек чек арачылары кармаган 13 жаран боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

МЧК: Өзбек чек арачылары кармаган 13 жаран боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13...

Аймак 2020-02-19  16:24

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу митинг өттү

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу митинг өттү

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда 28-январда тынчтык митинги өттү. Бул тууралуу “Азаттык”...

Аймак 2020-01-28  12:11

Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын...

Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында...

Аймак 2020-01-24  01:06

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара...

Аймак 2020-01-16  21:04

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын...

Аймак 2020-01-15  23:31

Баткен милициясы чек арадагы элди коопсуз аймакка чыгарды

Баткен милициясы чек арадагы элди коопсуз аймакка чыгарды

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды. Бул тууралуу...

Аймак 2020-01-10  15:09

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек...

Аймак 2020-01-10  15:26