KELECHEK
rek

Тажикстанда үч баласынан айрылган үй-бүлөгө компромисс сунушталууда

Тажикстанда үч баласынан айрылган үй-бүлөгө компромисс сунушталууда

Хатлон облусунда жол курулушчулар көмбөй кеткен чуңкурга түшүп мерт болгон үч баланын үй-бүлөсүнө бул ишти сүйлөшүү жолу менен чечүү сунушталууда.

“Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, маркум балдардын ата-энесине эки бөлмөлүү үй сунушталууда. Бийлик бул боюнча азыркыга чейин түшүндүрмө бере элек.

13-сентябрда “Азаттыктын” тажик кызматы 10 жаштагы Нозанин, 7 жаштагы Махжабин жана 6 жашар Шахриёрдун өлүмү тууралуу кабарлаган. Балдардын сөөгү 16-июлда жол курулушчулары көмбөй таштап кеткен чуңкурдан табылган. Чуңкурдун ичине суу толуп, балдар чөгүп кеткен.

«Кангурт-Балжувон-Ховалинг» унаа жолу Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен кытайлык China Road компаниясы тарабынан салынган. Компания азырынча билдирүү тарата элек. Балдардын ата-энесинин күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы көңүл сыртында калган. Райондук прокуратура балдардын денесинен кыйноо белгилери табылбаганын билдирген.

Бирок бул маалыматты “Азаттыктын” тажик кызматы жарыялагандан кийин бийлик өкүлдөрү маркум балдардын ата-энесинен бул ишти сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сурашкан. Балдардын атасы бир чечимге келе элек.

12-сентябрда Азия өнүктүрүү банкы “Азаттыктын” тажик кызматынын кайрылуусуна кат түрүндө жооп берип, бул иш боюнча Тажикстан Транспорт министрлигинен кошумча маалымат алып жатканын билдирген.

Узундугу 43 чакырым, туурасы 7 метрди түзгөн «Кангурт-Балжувон-Ховалинг» жолунун ачылыш аземи 6-августта президент Эмомали Рахмондун катышуусунда өткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...