KELECHEK
rek

“Өзбекстан ислам кыймылынын” негиздөөчүлөрү тууралуу тасма тартылууда

“Өзбекстан ислам кыймылынын” негиздөөчүлөрү тууралуу тасма тартылууда

Өзбекстанда ислам согушкерлерине жана жат идеологияга  каршы тасманы тартуу аягына чыгып баратат. “Ыйык тилек” (“Мукаддас истак”) деп аталган фильмде тутунган дини үчүн совет бийлиги тарабынан куугунтукка алынып, бирок эгемендүүлүк алгандан кийин эркиндикке чыккан катардагы кишинин өмүрү баяндалат.

Тасманын башкы каармандарынын арасында “Өзбекстан ислам кыймылы” террордук тобунун негиздөөчүлөрүн чагылдырган образдар бар. Фильм “Өзбеккино” улуттук агенттигинин буйрутмасы менен “Өзбекфильм” киностудиясында тартылууда.

“Азаттыктын” өзбек кызматына белгилүү болгондой, тасма Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгын утурлай кинотеатрларда коюлат. Аны тартууга бюджеттен 1 миллиард сумдун тегерегиндеги каражат бөлүнгөнү айтылууда.

“Ыйык тилек” тасмасындагы эки образ – Тахир Юлдаш менен Жума Намангани – 20-кылымдын 80-жылдары Наманган шаарында ислам топторун түзгөн тарыхый инсандар. Алар Өзбекстандан кетип калып, 1991-жылдын декабрында Ислам Каримов президент болуп шайлангандан кийин кайтып, Тажикстанда жарандык согуш болуп жатканда ислам оппозициясынын катарын толуктаган.

“Өзбекстан ислам кыймылын” 1998-жылы ушул эки адам негиздеген. Уюм Фергана өрөөнүндө ислам халифатын түзүү максатын көздөйт.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29