KELECHEK
rek

Казак бийлиги: бардык балдарга жөлөк пул чектөө тууралуу маалымат «фейк»

Казак бийлиги: бардык балдарга жөлөк пул чектөө тууралуу маалымат «фейк»

Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги 1-октябрдан тарта үй-бүлө кирешесине карабай, ар бир балага 11 миң теңге (28 доллар) төлөнөрү тууралуу мессенжерлерде тарап жаткан маалыматты «фейк» деп атады.

Министрлик социалдык төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды алуучулардын категориясын жарыялап, тизмеде жаңы төлөм жок экенин белгиледи.

Министрлик учурда даректүү социалдык жардам берүүнүн жаңы механизмдери иштелип жатканын, ал ачыктык, адилеттүүлүк жана эмгекке шыктандыруу принциптерине негизделерин маалымдоодо.

Сентябрдын башында Токаев калкка кайрылуу жасап, даректүү социалдык жардам берүүнүн «маңызсыз жашоо образына» жетелеген механизмдерин өзгөртүүнү сунуштаган. Ал өлкөдө «жалкоолор, мамлекеттен акча алыш үчүн тапкан-ташыганын жашыргандар арбып баратат» деп билдирген. Казак бийлигинин маалыматына караганда, беш жылда даректүү социалдык жардам алуучулардын саны 77 миңден 1,8 миллион кишиге чейин көбөйгөн.

Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Ошондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү, турак жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылып, маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...