KELECHEK
rek

АКШда өзбек жараны террорчуларды каржылоо айыбы менен 30 жылга соттолду

АКШда өзбек жараны террорчуларды каржылоо айыбы менен 30 жылга соттолду

Нью-Йоркто сот өзбекстандык Дилхаёт Касымовду «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун жактоочуларын каржылоого айыптап, 30 жылга эркинен ажыратты.

Маалыматка караганда, Дилхаёт Касымов 2015-жылы дагы бир мекендеши менен бирге Жакынкы Чыгышта «Ислам мамлекети» тобунун катарында согушуу үчүн кетүүгө камынган казакстандык Ахрор Саидахметовго 1600 доллар чогултуп берген.

Саидахмедов 2015-жылы 25-февралда Нью-Йорктон Түркияга учуп кетер алдында кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан нак акча табылган. Сотто Дилхаёт Касымов Саидахмедовго жардам бергенин жана анын Сирияга кетүү пландарын билгенин мойнуна алган.

2017-жылы декабрда сот Бруклинде жашаган 22 жаштагы Ахрор Саидахмедовду «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каржылай көмөк көрсөтүүгө аракет жасаган деп айтыптап, 15 жылга түрмөгө кескен.

Нью-Йорк прокуратурсы Саидахмедов жазасын өтөп бүткөн соң АКШдан чыгарыларын билдирди. 2017-жылы Ахрор Саидахмедов менен кошо кармалган дагы бир өзбекстандык Абдурасул Журабаев 15 жылга соттолгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53