KELECHEK
rek

АКШ кайрадан Дамаскты химиялык курал колдонууга айыптады

АКШ кайрадан Дамаскты химиялык курал колдонууга айыптады

Идлиб провинциясы, август 2019-жыл

Быйыл май айында Сириянын Идлиб провинциясындагы хлор колдонуу менен жасалган чабуул үчүн президент Башар Асаддын режими жоопкерчиликтүү. Бул тууралуу Нью-Йорктогу маалымат жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Өз сөзүндө Помпео чабуул тууралуу маалыматтарды Кошмо Штаттардын Чалгын кызматы иликтеп чыкканын белгиледи.

Сирия бийлиги аларда химиялык курал жок экенин айтып, өлкөдөгү ыктымал химиялык чабуулдарга тиешеси жок экенин билдирип келет.

Майдагы ыктымал чабуулдан көп өтпөй Вашингтон Москва менен Дамаскты Сириянын жарандык объектилерине ылгабастан чабуулдарды жасоого айыптаган.

Маалымат жыйында Помпео Сириянын өкмөтүнө күйүүчү май жеткирген орусиялык эки компанияга каршы санкция киргизилгенин билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун бул чечимин «саясий акылсыздык» деп атады. Мекеменин маалыматына караганда, санкция салынган компаниялар күйүүчү майды Сириядагы орус армиясына жеткирген.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириядагы радикалдык маанайдагы исламчыларга каршы күрөштү 2014-жылы баштаган. Коалиция Сириянын демократиялык оппозициясынын күчтөрүн колдойт. Орусиянын Сириядагы аскердик өнөктүгү 2015-жылы 30-сентябрда башталган. Андан бери коалиция Москваны Сириянын президенти Башар Асаддын режимин колдоп жатат деп бир нече жолу айыптаган. Батыш өлкөлөрү Сириянын бийлиги тарабынан адам укуктары жапырт түрдө бузулуп жатканын билдирип келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...