KELECHEK
rek

Өлкөдөгү 70 мектепке санариптик китепкана орнотулду

Өлкөдөгү 70 мектепке санариптик китепкана орнотулду

«Ilim Box» долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы 70 мектепке атайын түзмөктөр аркылуу санариптик китепкана орнотулду.

Долбоорду ишке ашыруу менен алектенген Кыргызстандагы интернет-коомчулугунун (ISOC) өкүлдөрү мындай китепкана мектептердеги китептин жетишсиздиги жана интернеттин жоктугу өңдүү маселелерди чечүүгө багытталганын билдиришти. Алардын айтымында, санариптик китепкана өз ичине кыргыз, орус жана англис тилдериндеги «Википедияны», англис тилиндеги Хан академиясын, ошондой эле миңдеген аудио, видео сабактарды жана электрондук китептерди камтыйт.

Түзмөк интернетке кошулбастан эле бардык билим берүү ресурстарына жетүүгө мүмкүндүк берет.

«Биз интернетте бар маалыматтарды атайын дискке көчүрүп, вай-фай роутердин ролун аткара турган кичинекей компьютерди тиркеп койдук. Анда каалаган колдонуучу керек болгон маалыматтарды компьютерине же смартфонуна жүктөп алса болот. Эң башкысы — колдонуучулар билим берүү ресурстарына гана кирүү мүмкүндүгүнө ээ болушат. Алар социалдык түйүндөргө же башка көңүл ачуучу контенттерге кире алышпайт», — деди долбоордун өкүлү Талант Султанов.

Санариптик китепкана орнотуу үчүн аймактардагы интернети жок, китептер жетишпеген жана окуучуларынын саны нормадан көп болгон мектептер тандалып алынган.

Долбоордун авторлору мындай түзмөктөрдү Кыргызстан боюнча 100 мектепке белек кылуу пландалып жатканын белгилешти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30