Атамбаевдин жан сакчысы кармалды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев эки суткага камакка алынды.
Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева социалдык тармактар аркылуу кабар таратып, Сагымбаевдин колуна кишен салынып, автоматчан күч кызматкерлеринин курчоосунда турган сүрөт, видеосун жарыялашты.
Окуя түнгө жакын болгондуктан азырынча расмий органдардан комментарий алуу мүмкүн боло элек.
Жолдубаеванын айтымында, ага чейин Сагымбаев Аскер прокуратурасында бир нече саат суракта болгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.
УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөнү аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.
Офицердин тарапкерлери бул айыптоолор негизсиз жана мыйзамга каршы келерин айтып жатышат.
Буга чейин Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеев да кармалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53