KELECHEK
rek

Конгресс Трампка импичмент жарыялоо үчүн иликтөө баштоо демилгесин көтөрдү

Конгресс Трампка импичмент жарыялоо үчүн иликтөө баштоо демилгесин көтөрдү

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трамптын аракеттери боюнча формалдуу иликтөө жүргүзүү демилгесин көтөрдү. Анын жыйынтыгында мамлекет башчыга импичмент жарыялоо чечими кабыл алынышы мүмкүн.

Бул тууралуу шейшембиде Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси билдирди.

Ал Трампты украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Конституцияны бузган деп айыптады.

Буга чейин атайын кызматтын жашыруун өкүлү Трамп Зеленский менен сүйлөшкөн маалда ага басым жасап, 2020-жылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Жо Байденге каршы Украинада иликтөө жүргүзүүнү талап кылганын айткан. Пелоси Конгресске аталган кызматкердин билдирүүсүнүн тексти менен таанышууга мүмкүндүк берилбей жатканын белгиледи. Буга чейин Өкүлдөр палатасы менен катар Сенат дагы президенттин администрациясынан ал билдирүүнүн текстин берүүнү талап кылган.

Пелосинин айтымында, Трамптын ишмердүүлүгүн Өкүлдөр палатасынын алты комитети иликтейт. Эгер алар президент мыйзам бузган деген жыйынтыкка келсе, Өкүлдөр палатасында мамлекет башчыга импичмент жарыялоо маселеси боюнча угуулар өтөт. Анда импичмент жарыялоо колдоо тапса, бул чечим сенаторлордун үчтөн экисинин макулдугу менен бекитилиши керек.

АКШнын тарыхында Сенат президентке импичмент жарыялоо чечимин бир дагы жолу колдогон эмес. Бирок 1974-жылы импичмент жарыялоо ыктымалдыгына байланыштуу президент Ричард Никсон кызматтан кеткен.

Трамп Зеленский менен болгон 25-июлдагы телефондук сүйлөшүүсүндө ага басым жасаганын четке кагууда. Ал сүйлөшүү достук маанайда өткөнүн далилдөө үчүн шаршембиде анын стенограммасын толук жарыялай турганын билдирди.

Трамп «Твиттердеги» баракчасы аркылуу Пелосинин билдирүүсүн сынга алып, алар сүйлөшүүнүн стенограммасы менен да тааныша электигин билдирди.

https://pbs.twimg.com/profile_images/874276197357596672/kUuht00m_normal.jpg

Donald J. Trump

✔@realDonaldTrump

They never even saw the transcript of the call. A total Witch Hunt!

115 тыс.

03:14 - 25 сент. 2019 г.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02