KELECHEK
rek

Кеминде өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы бала кармалды

Кеминде өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы бала кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда 14 жаштагы өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милиция тараткан маалыматка караганда, кыздын жакындары ал 20-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып 22-сентябрда милицияга кайрылышкан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында анын сөөгү Кемин шаарында кароосуз калган үйдөн табылган.

Кызды өлтүрүүгө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 20 жаштагы бала кармалып, камакка алынды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 20-сентябрь күнү кечинде мас абалында баратып, Кеминдин көчөлөрүнүн биринен кызды көргөн. Аны күч менен алып барып, зордуктоого аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө бир нече сокку урган. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

Бул факт Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...