KELECHEK
rek

Түркмөнстанда жоокерлер пахта теримге жөнөтүлдү

Түркмөнстанда жоокерлер пахта теримге жөнөтүлдү

Аскер кызматкерлери

Лебап облусунда аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлер өткөн айда пахта теримге жөнөтүлгөн. Аларга дурустап тамак-аш берилбей, жылытылбаган чатырларда түнөп жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына жоокерлердин ата-энелери билдиришти.

Ата-энелердин айтымында, жоокерлер керектүү өлчөмдө суу менен да камсыздалган эмес, буга байланыштуу алар жуунуп-тазаланууда кыйынчылыктарга туш болушууда.

«Жоокерлер жуунуп-тазалана албагандыктан, айрымдарынын колу-бутуна жара чыга баштаган. Аларга тиешелүү медициналык жардам дагы көрсөтүлгөн жок. Алардан пахта терүүнү гана талап кылышууда. Башкача айтканда жоокерлерди кулга айлантышкан», - деди ата-энелердин бири.

5-сентябрда Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда атайын багыттагы «Түркмөн эдермен» аскердик бөлүгүнүн машыгуусу өткөн. Өлкөнүн расмий басылмалары куралдуу күчтөр керектүү бардык жабдуулар менен камсыздалганын маалымдашкан.

Ошол эле маалда «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен түркмөн армиясынын абалы акыркы жылдары өтө начарлаганын билдирүүдө. Жоокерлер ур-токмокко алынган учурлар арбын.

Түркмөнстанда пахта теримде бюджеттик мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерди мажбурлап иштетүү кеңири жайылган. Бул тажрыйбаны эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...