«Жарандык демилгелер коалициясы» Казакстанда 50дөй активист кармалганын маалымдады
Казакстандагы «Жарандык демилгелер коалициясы» жума башынан бери өлкөдө 50дөй активист кармалганын билдирди.
Коалиция 20-сентябрда Алматыда өткөн басма сөз жыйынында «тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу» боюнча кармалып, камакка алынган жана айып пулга жыгылган кишилердин тизмесин жарыялады. Куугунтуктоого көбүнчө кытай-казак биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга каршы митингге чыккандар кабылган.
Активисттер кармоо «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жума соңуна белгиленген нааразылык акциясына карата көбөйүшү мүмкүн деп эсептешет. Кыймылдын чет өлкөдө жашап жүргөн лидери Мухтар Аблязов социалдык түйүндөр аркылуу казакстандыктарды 21-сентябрда митингге чыгууга чакырган. Казак бийлиги бул кыймыл тарабынан уюштурулган акциялардын бардыгын мыйзамсыз деп эсептейт.
«Жарандык демилгелер коалициясы» Казакстандын митингдер жөнүндөгү мыйзамы эл аралык стандарттарга шайкеш келбей турганын билдирүүдө. Алардын пикиринде, бийлик жарандардын Конституция кепилдик берген тынч жыйын өткөрүү укугун бузууда. Активисттер митингдердин катышуучулары мыйзам бузбаганын, полицияга баш ийип, алар талап кылган учурда тарап кетип турушканын белгилешти. Айрым жарандар түнчүндө, адвокаттардын катышуусуз кармалганын да эске салышты.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстандын митингдер жөнүндөгү мыйзамын репрессивдүү деп эсептеп, сындап келишет. Өлкөнүн жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев март айында митинг тууралуу мыйзамды кайра карап чыгуу керек экенин билдирген. Бирок андан бери азыркы мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча кандайдыр бир долбоор парламентке келип түшө элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53