KELECHEK

Кыргыз-тажик чек арасынан кошумча аскер күчтөрү жана техникалары чыгарылды

Кыргыз-тажик чек арасынан кошумча аскер күчтөрү жана техникалары чыгарылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар чек арадан аскердик техникаларын алып чыгып кетти.

Тажикстандын Гафур районунун Овчи Калача калктуу конушунун башчысынын орун басары Абдухамид Одинаев «Азаттыктын» тажик кызматына сүйлөшүүлөр 19-сентябрь күнү кечке жуук аяктаганын билдирди. Мындан кийин тараптар чек арадагы аскердик техникаларын жана кошумча аскердик күчтөрүн алып чыгып кетишкен. Одинаев жаңжал болгон аймакта абал тынч экенин, жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайтканын кошумчалады.

Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү дагы «Настоящее время» телеканалына чек ара линиясынан аскердик күчтөр чыгарылганын маалымдады.

Бул 17-18-сентябрда эки өлкөнүн премьер-министрлеринин деңгээлинде өткөн сүйлөшүүнүн негизги шарттарынын бири болгон. Мындан тышкары кыргыз тарап байкоо салган мунараны алууну, тажик тарап курулуш ишин токтотууну макулдашкан. Бул тууралуу 18-сентябрда Согди облусунун администрациясынын басма сөз катчысы Музаффар Юнусов билдирген.

19-сентябрда Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, андан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн маалыматын жабык талкуулаган. Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев журналисттерге интервью берип, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү оңой болбогонун айтты:

- Ар бир тарап өзүнүн дооматтарын, талаптарын койду. Талаштар көп болду. Бирок бул маселе чечилди деп айтсак болот. Негизги максат - абалды жөнгө салуу болуп, 14-сентябрга чейинки абалга кайтуу боюнча эки тараптуу чечимге келдик. Талаш болуп жаткан жерде бизде Максат айылында, тажик тараптан Овчи-Калачада биргелешип күзөт жүргүзүү, кимден күнөө кетсе чара көрүү макулдашылды.

Шаршеевдин айтымында, эки тарап ынтымакты бекемдөө боюнча массалык спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча токтомго кол коюшту.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна...

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 17-октябрда, Жалал-Абад облусундагы эки...

Аймак 2019-10-18  12:46

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул районунун жашоочулары менен...

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул районунун жашоочулары менен...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки...

Аймак 2019-10-18  12:53

Кызыл-Кыядан Ферганага автобустук каттам ачылды

Кызыл-Кыядан Ферганага автобустук каттам ачылды

Кызыл-Кыя – Фергана – Кызыл-Кыя эл аралык автобустук каттамы ачылып, ишин баштады. Бул тууралуу...

Аймак 2019-10-07  16:30

Кыргызстан жана Тажикстан жаштары ынтымакка чакырган акцияларды...

Кыргызстан жана Тажикстан жаштары ынтымакка чакырган акцияларды...

Сентябрдын аягында Кыргызстан менен Тажикстанда Тынчтык жана Толеранттуулук...

Аймак 2019-10-02  21:58

Кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрө оңдолду

Кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрө оңдолду

Кыргызстандын Кулунду жана Тажикстандын Овчи-Калача айылдарын байланыштырган 12 метрлик...

Аймак 2019-10-01  18:31

Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады

Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул...

Аймак 2019-09-19  18:58

Баткен: Максат айылынан коопсуз жайга чыккан 128 адам үйүнө кайта элек

Баткен: Максат айылынан коопсуз жайга чыккан 128 адам үйүнө кайта элек

Баткен облусундагы чек арада атышуу болгондон кийин, ал аймакка жакын Максат айылынан коопсуз жайга...

Аймак 2019-09-18  18:46