KELECHEK
rek

Нур-Султан: көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясын өткөрүшүүдө

Нур-Султан: көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясын өткөрүшүүдө

19-сентябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда ондогон көп балалуу эне президенттик администрация имаратынын алдына чыгып, турак-жай маселесин чечип берүүнү жана көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык колдоону күчөтүүнү талап кылышты.

Алар «Баспана!» («Турак-жай!») деп кыйкырып, өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин, учурдагы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин жана «Нур Отан» партиясынын төрага орун басары Бауыржан Байбектин чыгышын талап кылышты.

Айрым акция катышуучулары көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн курулган турак-жайдын сапатына нааразылык билдирсе, башкалары социалдык жардам ала албай жатышканын айтышты.

Алардын алдына чыккан парламент сенатынын депутаты Ляззат Сулеймен чогулгандардын суроолоруна жооп берди. Бирок көп балалуу энелер мурда айтылып жүргөн эле убадалар кайталанганын билдиришти.

Акциянын жүрүшүнө полиция кызматкерлери көз салып, чогулгандарды президенттин резиденциясына өткөргөн жок.

Казакстанда муктаж үй-бүлөлөргө социалдык колдоону күчөтүү талаптары быйыл февралдан бери айтылып келет. Буга жыл башында Нур-Султанда өрттөн бир тууган беш кыздын каза болушу себеп болгон.

Жазында өлкөдө нааразылык маанай күчөгөндөн кийин бийлик муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо чараларын жарыялаган. Өкмөт калктын аярлуу катмарынын насыяларынын бир бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттенме алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53