KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков 164 кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков 164 кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (ФОТО)

«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы төмөндөүдөй сөз сүйлөдү:

«Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу сыйлык ээлери!

Бүгүн, ушул жыйында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп жаткан мекендештерим олтурасыздар.

Адал эмгегиңер, таза ниетиңер менен абийир таап, жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болдуңуздар.

Баарыӊыздарды жогорку мамлекеттик сыйлыгыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм.

Сиздерге сыйлык тапшыруу мен үчүн чоң сыймык.

Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештерим!

Эл үчүн жасаган эмгек эч качан жерде калбайт.

Элдин эсинде, урпактардын сезиминде, тарыхтын барактарында калат.

Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовдун өмүрү, басып өткөн жолу, Мекенге арнаган эмгеги, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталуу.

 Атактуу эки инсаныбыз тең өзгөчө урматтоого татыктуу.

Кырк жылга жакын эл башкарып, өлкөгө, элге кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөткөн Төрөбай Кулатовдун ысымы эл ичинде эчак легендага айланган.

Ал жөнөкөй шахтердон өлкө жетекчисине дейре жетип, кристалдай таза иштеп, жупуну, кеменгер жетекчинин үлгүсүн, элдик адамдын образын аң-сезимибизге терең орнотуп кетти.

Биз Төрөбай Кулатовдун ысмы менен кыргыз мамлекетинин тарыхын да, өнүгүүсүн да бекем байланышта карайбыз.

Төрөбай Кулатов Чоң Чүй каналы, Орто-Токой суу сактагычы, Кант-Балыкчы темир жолу, Бишкек — Суусамыр — Жалал-Абад — Ош авто жолдорун, Ак-Туз, Хайдаркен, Кадамжай комбинаттарын куруу демилгесинин башында туруп, улуу курулуштарга түздөн-түз жетекчилик кылган.

Бул инсан өлкөбүздүн, элибиздин алдындагы адамдык да, жетекчилик да милдетин ак ниети менен толук аткарган.         

Таланттуу мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун өмүр баяны, эмгек жолу баарыбызга кеңири маалым.

 Султан Ибраимович чыныгы элдик инсан болгон.

Султан Ибраимов — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын өнүктүрүүгө өзгөчө эмгеги сиңген адам. Өз мээнети менен элдин терең урматына ээ болгон, аты аңыз болуп айтылып, журттун эсинде калган улуу инсан.

Султан Ибраимовдун ысмы менен Токтогул ГЭСи, Папан, Баткен суу сактагычы, Ош текстиль жана жибек комбинаты, авто жолдор, аэропорттор, айыл чарбасы жана ирригация тармагы бекем байланышкан.

Бул эки улуу инсандай жалпы элдик урматтоонун символуна айланган жетекчилер аз. Бүгүнкү жетекчилер Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовдой болууга умтулушубуз  керек.

Төрөбай Кулатовго жана Султан Ибраимовго ыйгарылган өлкөбүздүн эң жогорку сыйлыгы — „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ деген бийик наамды жана  „Ак шумкар“ өзгөчө белгисин алардын балдарына тапшыруу мен үчүн зор сыймык.

Урматтуу замандаштар!

Бүгүн кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек сиңирип, улуттук өнөрдү бийик деңгээлге көтөргөн — улуттук театр өнөрүнүн ири ишмери, нукура талант, эл урматына ээ болгон белгилүү актриса Жамал Сейдакматова,

дүйнөгө комузду таанытып, кыргыз күүсүн жер шарына даңктап келген атактуу комузчу Самара Токтакунова,

кыргыздын руханий дүйнөсүн байытууга зор эмгек жасаган Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков жана кыргыз илимин өркүндөтүүгө ири салым кошкон көрүнүктүү окмуштуу Мухаммаджан  Мамасаидов өлкөнүн жогорку сыйлыгына  — „Манас“  орденине татыктуу болушту, - деди өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Ар кандай мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш ж. б. тармагынын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылды.

Сыйлык алгандардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

Бардыгы болуп, мамлекеттик сыйлыктарга 164 адам татыктуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков аларга жаратмандык эмгек, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өттү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13