KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту.

Футболду өнүктүрүү жана аны өлкөдө мындан ары дагы кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азия аймагында футболду өнүктүрүүгө багытталган АФКнын ишмердигин жана реформаларын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда футбол спорттун эң белгилүү массалык түрү болуп саналарын, бардык шаарларда жана айылдарда жаштар футбол ойношорун баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында облустарда, шаарларда жана район борборлорунда спорт залдар жана жаңы спорт аянтчалары курулуп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында футболдук жана спорттук инфраструктура эскиргенин кошумчалап, борбор калаада футболду кесипкөй деңгээлге чыгаруу үчүн жаңы стадионду куруу боюнча пландар тууралуу айтып берди.

АФК Президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф футболду колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн кыргыз тарапка ыраазылык билдирди. Ал Кыргызстандын футбол Федерациясы менен биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, өз ара кызматташуунун болочок пландары тууралуу айтып берди.

Салман бин Ибрагим Аль Халиф дагы ата мекендик футболду мындан ары өнүктүрүү демилгелерине жана Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20