KELECHEK
rek

CPJ украин журналисти Георгий Гонгадзени өлтүргөн генералдын жазасын жеңилдетпөөгө чакырды

CPJ украин журналисти Георгий Гонгадзени өлтүргөн генералдын жазасын жеңилдетпөөгө чакырды

Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists, CPJ) украин бийлигин журналист Георгий Гонгадзенин өлүмү боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган милициянын мурдагы генералы Алексей Пукачтын жазасын жеңилдетпөөгө чакырды.

Украина Ички иштер министрлигинин мурдагы бөлүм башчысы Алексей Пукач 2013-жылы журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Журналист 2000-жылы сентябрда дайынсыз жоголуп, эки айдан кийин сөөгү Киев облусундагы Тараща шаарына жакын жерде табылган.

Акыркы алты жылдан бери Пукач өзүнө карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү боюнча даттанып келет. Анын кассациялык арызы боюнча кийинки угуу Жогорку сотто 9-октябрга белгиленген.

«Гонгадзе өлтүрүлгөндөн жыйырма жыл өткөндөн кийин күнөөсүн мойнуна алган кылмышкер эркиндикке чыгышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Украин бийлиги журналистти өлтүргөн адамды жазадан бошотууга жол бербеши зарыл. Анын ошол кездеги жетекчилиги дагы жоопко тартылышы керек», — деди комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид.

Пукач буга чейинки көрсөтмөлөрүндө жогорку жактан, негизинен өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Юрий Кравченкодон буйрук алып турганын айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53