KELECHEK
rek

Чаткалда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген “Басмач” каймана аттуу жаран кармалды

Чаткалда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген “Басмач” каймана аттуу  жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында Ала-Бука районунун тургуну 1985-ж.т. Т.И. өзүнүн оор жүк ташуучу автоунаасы менен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында бараткан учурда, өзүнө бейтааныш эки жаран жеңил автоунаасы менен алдынан эч себепсиз тосуп токтотушкан. Алардын бири өзүн “Болот” деп тааныштырып ушул жолдо жүргөнү үчүн 10 000 (он миң) сом бересиң деп опузалап коркутушуп, оор жүк ташуучу автоунааны 3-4 саат жолдо кармап турушкан.

Бул факты боюнча жана арыздын негизинде топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө атайын тапшырмалар берилип, кылмыштын бетин ачуу жана шектүүлөрдү аныктап кармоо максатында тергөө тапшырмасы берилген. Жалал-Абад ОИИБнин жана Чаткал РИИБнин тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылдат жана кесипкөйлүк менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында мурда үч жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген “Басмач” каймана аттуу Чаткал районунун тургуну 1989-ж.т. У.Б. жана анын  кылмыштуу шериги  1997-ж.т. С.Д.нын жүргөн жерлери аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Тергөө судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасы 2 айга камакка алуу тандалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жоктугу териштирилүүдө.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...