KELECHEK

Казакстан Кытайга азык-түлүк экспорттоону көбөйткүсү келет

Казакстан Кытайга азык-түлүк экспорттоону көбөйткүсү келет

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-сентябрда Пекиндеги эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында казак-кытай ишкер кеңешинин 6-жыйынына катышты.

Ал Кытайды тышкы соода жана экономикада Казакстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири катары сыпаттап, бул өлкөгө азык-түлүк эспорттоону көбөйтүү керектигин айтты:

– Белгилүү болгондой, Казакстан жогорку сапаттагы буудай экспорттогон алдыңкы он өлкөнүн катарында. Былтыр Кытайга 550 миң тонна буудай жөнөткөнбүз. Биз муну 3,5 эсеге – 2 миллион тоннага чейин жеткире алабыз, - деди Токаев.

Казакстан лидери өлкө буудайдан тышкары туз, эт, сүт азыктарын экспорттоого даяр экенин айтты.

Кытай Казакстандан буудайдан башка мунай жана газ, металлдарды алат.

Токаев Казакстан инвестиция үчүн жагымдуу шарт түзүүгө бардык күчүн жумшап жатканын белгилеп, кытай ишкерлерин каржы операциялары үчүн Эл аралык «Астана» каржы борборун пайдаланууга чакырды.

Расмий маалыматтар боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2018-жылы 12 миллиард долларды түзгөн. Кытайдын Казакстанга салган инвестициясы 20 миллиард долларга жетет.

Токаевдин президенттик кызматка киришкенден кийинки Пекинге жасаган алгачкы мамлекеттик сапары «Кытай экспансиясына» каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан маалга туш келди. Демонстранттар казак бийлигинен 55 ишкана куруу боюнча Кытай менен түзүлгөн келишимден баш тартууну талап кылышууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстан Орусиядагы 786 жаранына акчалай жардам берди

Өзбекстан Орусиядагы 786 жаранына акчалай жардам берди

Өзбекстандын Москвадагы элчилиги ачкан «Мехр» кайрымдуулук фонду Орусияда калган 786 өзбек...

ДҮЙНӨ 2020-05-28  01:36

Ооганстанда ок атышпоо келишими сакталууда

Ооганстанда ок атышпоо келишими сакталууда

Ооганстан бийлиги эки миңге жакын жоочуну туткундан бошотот деп күтүлүп жаткан чакта өкмөт менен...

ДҮЙНӨ 2020-05-28  01:44

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенүүдө

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенүүдө

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп...

ДҮЙНӨ 2020-05-24  21:50

ДССУ пандемияга байланыштуу иликтөө өткөрүүнү колдоду

ДССУ пандемияга байланыштуу иликтөө өткөрүүнү колдоду

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин деңгээлинде өткөн жыйынында...

ДҮЙНӨ 2020-05-20  15:38

ДССУ: Түркмөнстан сапары талкуу деңгээлинде

ДССУ: Түркмөнстан сапары талкуу деңгээлинде

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Түркмөнстанга баруу маселеси талкуу деңгээлинде экенин...

ДҮЙНӨ 2020-05-20  15:40

ДССУнун COVID-19га каршы күрөшүүгө арналган жыйыны башталды

ДССУнун COVID-19га каршы күрөшүүгө арналган жыйыны башталды

Дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкаруучу органдары COVID-19 пандемиясынын...

ДҮЙНӨ 2020-05-19  14:44

Рамзан Кадыров коргонуучу каражаттардын жетишсиздигине даттанган...

Рамзан Кадыров коргонуучу каражаттардын жетишсиздигине даттанган...

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Гудермес шаарында вирустан коргонуучу каражаттардын...

ДҮЙНӨ 2020-05-18  17:05