KELECHEK
rek

АКШ Мексика менен чек арасындагы аскерлерин дагы бир жылга калтырат

АКШ Мексика менен чек арасындагы аскерлерин дагы бир жылга калтырат

АКШ чек арасындагы мигранттар

Пентагон 2020-жылы мыйзамсыз миграция менен күрөшүү үчүн Мексика менен чек арасында беш жарым миңге чейин аскерин калтырат. Бул тууралуу АКШнын коргонуу министрлигинин өкүлү, подполковник Крис Митчелл билдирди.

АКШ коргоо министри Марк Эспер 11-сентябрда Ички коопсуздук минстрлигинин өтүнүчүн канааттандырды.

Ага чейин Вашингтондо АКШ менен Мексика миграциялык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард мамлекет «коопсуз үчүнчү өлкө» болуудан баш тартарын айткан. Бул АКШга кирүү үчүн Мексика чек арасынан өткөн мигранттар алгач Мехикодон башпаанек алышы керек дегенди билдирет.

Бирок Эбрард жолугушуу «достук» маанайда өткөнүн белгилеген.

Трамп мыйзамсыз иммиграцияны токтотууну башкы багыты катары кароодо. АКШ бийлиги миграциялык саясатын катаалдаштырууда. Бейрасмий маалыматтарга караганда, алардын саны 10 миллион кишиден ашат. Быйыл июлда иммиграциялык кызматкерлердин укуктары кеңейтилген.

Учурда АКШнын Мексика менен чек арасында беш миңден ашуун америкалык аскер бар. Алар АКШнын чек ара кызматтарына көмөк көрсөтүшүүдө.

Буга чейин Пентагон Мексика менен чек арада дубал тургузуу үчүн аскер объектилерин курууга багытталган акчадан 3,5 миллиард доллар которгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52