KELECHEK
rek

Каримовага тийиштүү компаниядан 300 миллион евро конфискация болушу мүмкүн

Каримовага тийиштүү компаниядан 300 миллион евро конфискация болушу мүмкүн

Голландиянын прокуратурасы 6-июлда Нидерландыдагы Takilant компаниясына таандык 300 миллион евролук активди конфискациялоону соттон суранды. Айрым маалыматтарга ылайык, фирманы Гүлнара Каримованын жакыны Гаян Авакян башкарып келген.

СА-News Reuters агенттигине шилтеме берип билдиргендей, голландиялык прокурорлордун версиясына ылайык, компания бул каражатты Өзбекстан президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага пара берүү үчүн колдонгон. Прокурорлор Амстердам сотунан 300 миллион еврону кенемтеге алып, 5 миллион евро өлчөмүндө айып пул салууну сурады. Алар мындан тышкары Takilant менчигиндеги Ucell компаниясынын 6 пайыз акциясын конфискация кылууга үндөштү. Ucell - Nordic телеком операторунун энчилеш компаниясы.

Прокуратура пара Өзбекстандын телекоммуникация базарына кирүү үчүн берилгенин билдирди. "Акча Гүлнара Каримовага жолдонгон жана Takilant ага таандык" деп айтылат билдирүүдө.

Голландиялык прокурорлор кабарлагандай, параны VimpelCom жана Telia компаниялары төлөгөн. VimpelCom телекоммуникациялар компаниясын америкалык жана голландиялык поркурорлор буга чейин жемкорлукка күнөөлөп келишкен. Ал эми Telia азыр тергөөдө. Прокурорлор Каримованын өзүн эмес Takilant компаниясын айыптоодо.

Каримова 2007-2015 жылдар аралыгында VimpelCom компаниясыны энчисиндеги Unitel жана Telia энчисиндеги Coscom LLC фирмаларын 3G мобилдик лицензия менен камсыздоо үчүн 385 миллиондон ашык доллар пара алганы айтылып келет

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...