KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды

Rыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды.

Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.

Ал белгилегендей, сот-укуктук реформанын башында адамдык фактор турат. Буга байланыштуу судьялык кызматка бош орундарга талапкерлерди кароодо талапкерлердин кесипкөйлүгүнө гана эмес, алардын адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле айрым тоскоолдуктарды алып салуу максатында судьяларды тандоо процессин жөнгө салуучу мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков катуу талаптар Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына дагы коюлуп жатканын кошумчалады, анын ишмердигинин толук ачыктыгын камсыздап, бардык мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу зарыл.

Элмира Барыктабасова Мамлекет башчысына сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Кеңештин ишмердиги, аткарылган жумуштардын натыйжалуулугу жана келечек пландар жөнүндө маалымат берди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын декабрынан баштап, 2019-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген 171 судьялык кызматына талапкерлердин ичинен 63 судьянын талапкерлиги негиздүү себептер менен четке кагылып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарылып берилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекетти, көз карандысыздыкты...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекетти, көз карандысыздыкты...

«Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге...

CАЯСАТ 2019-09-23  21:04

Кыргыз-орус президенттери аймактагы коопсуздукту талкуулашат

Кыргыз-орус президенттери аймактагы коопсуздукту талкуулашат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы...

CАЯСАТ 2019-09-20  16:05

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россия Президенти Владимир Путин...

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россия Президенти Владимир Путин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда, «Борбор-2019» стратегиялык...

CАЯСАТ 2019-09-20  19:07

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Президенти Владимир...

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Президенти Владимир...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир...

CАЯСАТ 2019-09-20  19:12

Президент ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча...

Президент ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу...

CАЯСАТ 2019-09-19  18:30

ТИМ тажик элчисине нота тапшырды

ТИМ тажик элчисине нота тапшырды

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине...

CАЯСАТ 2019-09-17  16:54

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук...

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-сентябрда, Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2019-09-16  18:14